Кара-Суу айылына караштуу №7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинде 2021-жылдын 22-январында озгочо кырдаалда ден соолукту чыңдоо максатында окуучулар арасында «Алдыңкы баатыр» аталышындагы кышкы спорттук оюну өткөрүлдү.
Бул тууралуу эстафетанын уюштуруучусу өспүрүмдөр уюмунун жетекчиси Бекзада Жүрсүн кызы билдирди.
Оюнга 6-11- класска чейинки окуучулар катышышкан.Оюндун жүрүшү эки этапта жүргүзүлүп, биринчи этапта аралыкка чуркоо, чана тартуу, чынжырча чуркоо, ал эми экинчи этабында чака чапмай жана аркан тартышуу оюндары болгон.
Жыйынтыгында женуучулор аныкталып 1-орунга 11-класс,ал эми 2-орунга 9-класс, 3-орунга 7-классынын окуучулары ээ болушуп, жеңүүчү командаларга грамота жана кызыктыруучу белектер тапшырылган.
Тогуз-Торолук Диана Президенттик стипендияга татыды
Нуриза Рыскулова