"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородо өткөн “Китеп той-2021” мааракеси

26 Январь 2021 жыл 23:58
Көрүүлөрдүн саны: 92

Райондук жаштар биримдиги, Ч.Айтматов атындагы борбордук китепкана жана А.Сыдыков атындагы маданият үйү менен биргеликте райондук деңгээлде элибиздин жан дүйнөсүн китеп аркылуу байытуу максатында иш- чара өткөрүлдү.

 

Тогуз-Торо районунда китеп той мааракесинде Зуурабү Жөжөбаева өзүнүн чыгармасын , элге тартуулап жатат

Т.Мойдунов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жыйындар залында китепке арналган той өткөрүлүп, райондун акын жазуучулары, мектеп директорлору, Тогуз-Торо райондук администрациясынын биринчи орун басары Гүлжамал Султангазиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев, айылдык китепкана башчылары, жалпы китеп сүйүүчүлөрү катышты.

Райондун акын жазуучулары, мектеп директорлору, Тогуз-Торо райондук администрациясынын биринчи орун басары Гүлжамал Султангазиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев, айылдык китепкана башчылары, жалпы китеп сүйүүчүлөрү китеп той мааракесине катышып жатат

Аталган иш чаранын  демилгечиси Эльвира Жаныкеевага кайрылганыбызда төмөнкүлөргө токтолду:

Аталган иш чаранын уюштуручуларынын бири Эльвира Жаныкеева                                                                                    “Өзүбүздүн райондон баштоону туура көрдүк. Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айткан сөзү бар эмеспи. “Кандай гана дүйнөлүк иш- чара болбосун, мен дайыма өз айылыман Шекерден баштап ойлоном».  Анын сыңарындай, өз айылыбыздын окурмандардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу, ыймандуу, аң сезимдүү, эли-жерин сүйүүгө, жергиликтүү акын-жазуучулардын чыгармаларын таныштыруу максатында уюштурулуп жатканын баса белгилеп өттү.

 

Жыйынтыгында калоочуларга китептер сатылды

Жыйынтыгында аталган иш- чараны райондук билим берүү уюмдары, маданият бөлүмдөрү колдоп, ар бир мектепте, айылдык китепканаларда китеп той мааракеси жеринде өтүлө турганын баса белгилеп кетишти.

Тойканада өткөн масштабдуу китеп той
Анара Мааметова