"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородо аялдардын саясий иштерге катышуу максатында окутуу болду

9 Февраль 2021 жыл 21:58
Көрүүлөрдүн саны: 54

Кыргызстан аялдарынын өкмөттүк эмес уюмдарынын форуму райондогу активист айымдар үчүн “Айым лидерлиги” деген темада иш- чара өткөрүлдү.

Райондун активист айымдары топторго болүнүп, талкуулашты

Кыргызстан аялдарынын өкмөттүк эмес уюмдарынын форумунун төрайымы Нургул Джанаевага кайрылганыбызда төмөнкүлөргө токтолду:

“Тогуз-Торо районуна келгенибиздин себеби “Седеп” аялдар уюму менен кызматташабыз. Ушул уюм менен биргеликте аялдардын саясий укуктарын, экономикалык, социалдык укуктарын коргогонго, айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңешинин иштерине тийгизет. Аялдардын муктаждыктарын аныктап алса, алдыдагы шайлоодо, айылдык кеңештерге депутат болуп калса, аялдардын укуктарын коргогонго, жалпы элдин жашоосуна жакшы тийгизет деген максатта ушул тренингди уюштуруп келдик”,- деди Н.Джанаева.

Тогуз-Торо районунда өтүлгөн окууга, активист айымдар катышышты

Катышуучуларга аялдардын укуктары жана гендердик теңчилик жаатында талапкер аялдардын билимин бекемдөө максатында, коомдук баарлашуу чеберчилигин өркүндөтүү, талапкер аялдардын кызыкчылыгына таасир этүү жана коргоо үчүн социалдык тармактарды колдонуу боюнча маалыматтар берилди.

Катышуучулар презентация учурунда

Окуунун жүрүшүндө айымдарга топторго бөлүнүп, айымдардын укуктарын кантип жергиликтүү планга киргизсе болот, эл алдында сүйлөмү жөндөмү, шайлоо алдындагы компанияны пландаштыруу керек ушул суроолордун айланасында ойлорун бөлүшүп талкуулашты.


Жыйынтыгында катышуучулар иштөө графигин пландаштырып, ар бир айылдардагы активист айымдар жолугушуу менен өткөрүүнү сунушташты.
Жалпысынан, 26 айым катышты.

Стереотиптер үй-бүлөдөгү зомбулукту ачыкка чыгарбай келет
Анара Мааметова