"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Элеттик мугалим республикалык сынакта, жеңишке ээ болуп кайтты

15 Февраль 2021 жыл 19:34
Көрүүлөрдүн саны: 92

Бишкек шаарында өткөрүлгөн «Биринчи мугалим» сынагына Тоту Мойдунов атындагы орто мектебинин мугалими Жанара Бекташова катышып, 2-орунду жеңип алды

«Биринчи мугалим» сынагында сыйлык тапшыруу учуру

Бул тууралуу аталган мектептин директору Назгүл Атамкулова маалымат берди

Биринчи тандоо туруна 7облустан 90го жакын мугалим келип, финалдык турга 7мугалим өтүп, финалга чыккан.Финалда 8мугалимдин презентациясы, ситуациядан чыгуусу, ээсенин негизинде суроолор берилет. Кыргызстандын булуң бурчундагы мугалимдер катышып жатат.

«Биринчи мугалим»сынагынын катышуучулары

Катышуучулардан айырмаланып, Жанара Бекташова жалгыз орус тилинде эссе жазып, 2-орундуу жеңип алды. Быйылкы жылы, апрель айында Бишкек шаарына өзүнүн 30 окуучусу менен жатаканасы, тамак ашы төлөнгөн.Ошол кезде эмне болсо театр, цирктерге экскурсияга барышат.Баардык чыгымдар өкмөт тарабынан каржыланат».

Элеттик мугалим Жанара Бекташова Республикалык таймашта жеңүүчү болушу анын мугалимдик тажрыйбасындагы эң чоң жетишкендиги экенин баса белгилейт:


«Катышуучулардын эң кичүүсү мен гана 30жашта болчумун.Катышуучулардын арасында эл агартуунун отличниги, тажрыйбалуу, мыкты мугалим бар эле.Алардан да сүрдөп, жеңем деген ой жок эле.Таймашка катышканыма сыймыктанам,көптөгөн тажрыйба ала алдым.Мага абдан стимул болду.Мени кубандырганы, 3жылдан бери катышкан мугалимдер бар экен.Мен биринчи жылы катышып, жеңишке жете алдым»

Мындан сырткары алган сыйлыгы туралуу оюн төмөнкүчө бөлүшүп кетти:
«Акчалай сыйлык бергенде акча жоголуп кетмек.Мени кубандырганы 30 окуучунун эсинде калаарлык саякат уюштурулуп, берип жатканына кубанычтамын.Бир нече жылдардан соң, окууну аякташат.Окуучулар менен чогуу саякаттоо кызыктуу болот деп ойлойм»,-деди Ж.Бекташова
Эскерте кетсек, конкурс,6жылдан бери республикалык деңгээлде башталгыч класстын мугалимдери арасында өткөрүлүп келет. Биринчи байгесине мугалим окуучулары менен Москвага 3күнгө, 2-орунга Бишкек шаарына экскурсия, окуучулары менен бирдикте, ал эми 3-орунга грамота алышат.
Даярдаган: Анара Мааметова