15-февраль Советтик Армиянын Ооганстандан чыгарылгандыгынын 32 жылдыгына карата Тогуз-Торо райондук А. Сыдыков атындагы маданият үйүндө «Ооган ыйы унутулбайт» аттуу эскерүү кечеси болуп өттү.
Иш-чарага администрация башчысы убактылуу милдетин аткаруучу аким Улан Иманбердиев, администрация башчысынын орун басары Гүлжамал Абалиева, аксакалдар кеңешинин төрагасы Молдобек Эпеев, райондук аскер комиссариатынын майору Турат Момуналиев, айыл өкмөт башчылары катышты. Айыл аймактар тарабынан Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.
Сүрөтбаян: Акталаада Афган жоокерлерине сый-урмат көрсөтүлдү
Жазгүл Машаева