"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Жаңы аксакалдар кеңешинин төрагасы шайланды

24 Февраль 2021 жыл 22:59
Көрүүлөрдүн саны: 48

Тогуз-Торо райондук администрациясынын жыйындар залында Аксакалдар кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйынга 50гө жакын райондук аксакалдар катышышты.

Тогуз-Торо райондук жыйындар залына 50гө жакын аксакалдар катышышты

Жыйында Аксакалдар кеңешинин төрагасы Молдобек Эпеев аткарган иштери тууралуу отчетун берип, Аксакалдар кеңешинин төрагалык кызматын өткөрүп берди. Жыйынга катышкан аксакалдар Молдобек Эпеевге ыраазычылык билдиришти. Андан соң, жаңы «Аксакалдар кеңешинин» төрагасын шайлоо болду. Көпчүлүктүн добушу менен Жапаралы Казыбаев «Аксакалдар кеңешинин» төрагасы болуп шайланды.

Аксакалдар кеңешинин жаңы төрагасы Жапаралы Казыбаев Тогуз-Торо районунун сыймыктуу «Ардактуу атуулу», КРнын «Ардактуу аксаклы», Кыргыз республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, райондо өткөрүлгөн ар кандай иш чараларга активдүү катышып, жаш муундарга билим тарбия берүүдөгү эмгеги зор.

Сүрөтбаян: Унутта калбайт ооган согушунун ардагерлери
Жазгүл Машаева