Дүйнөлүк банк каржылаган Ага Хан фондусунун «Кыргыз Республикасында мектептерди жакшыртуу үчүн коомчулукту тартуу» долбоорунун алкагында районубуздун 14 мектебине жазган долбоорунун негизинде тиешелүү жабдуулар, материалдар тапшырылды.
Долбоор алкагында 11 мектеп IT, техникалык каражаттар менен жабдылып, Бирдик мектебинин эскирген чатырынын темири алмаштырылып, Аскалы мектебинин айланасы тосулуп, Иса мектебинин актовый залы жабдылат.