"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары -Булуң айыл аймагында туу жаңыланды

3 Март 2021 жыл 22:22
Көрүүлөрдүн саны: 55

Кара-Суу айылынын жаштары Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун боюнда жайгашкан районубуздагы эн бийик желекти чечип жаныртышты.
Толугураак, бул видеодон көрүңүз:

Мындан сырткары, ушул эле желектин айланасын иретке келтирип, жөө адамдар жүрүүчү жолдор тазаланып, таштанды салуучу урна орнотулду. Жөө адамдар кулап кетпөөсү үчүн тосмолор тосулуп, аягына чыгарылды.
Желекти Сары-Булуң айыл аймагынын атуулу Марлис Олжотоев орноткон. Желек илинген түркүктүн бийиктиги 17 метр, ал эми желектин узун туурасы 3/2 метрди түзөт.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 17-июлда Тогуз-Торо районуна карштуу Сары-Булуң айыл аймагында Кыргызстандын желеги жана «Тогуз-Торо Кыргызстандын географиялык борбору» деген экс президент Алмазбек Атамбаевдин сөзү орнотулган.

Куланак: Мектепте туу күнү белгиленди
Анара Мааметова