"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Айымдарга майрамдык маанай тартууланды

6 Март 2021 жыл 20:17
Көрүүлөрдүн саны: 128

Райондук маданият үйүндө «Ааламдын көркү аялзат» аттуу концерттик программа маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, жалпы 250 айымга жагымдуу маанай тартуулашты.

Айымдарга райондук маданият үйү тарабынан концерттик программа тартууланды

Райондук администрация башчысы акимдин милдетин аткаруучу Улан Иманбердиев өз куттуктоосунда: «Урматтуу энелер, эже карындаштар! Жүрөгүңүздөрдөн чыккан жылуулук жана камкордук турмуштун оор жагдайларына күчүнө күч, демге дем кошуп, үмүт тилегин узатып, келечекке ишеним арттырат. Аялзаты табиятынан кандай тармак болбосун жөндөмдүү, айымдардын талыкпас эмгеги менен ар кандай турмуштук кырдаалдан сабырдуулугу менен бүт үй бүлөгө аруулук алып келген.

Солдон оңго Тогуз-Торо райондук администрация башчысынын орун басары Улан Иманбердиев, Бурулсун Шамиева, Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Амангелди Токтоналиев

Аялзаты биз үчүн ар дайым аалам ажары, очок ээси, үй бүлө куту болуп келген жана боло берет! Аялзат биз үчүн мээрман эне, асылкеч жар, жароокер кыз. Аялзаты баарынан сиздер ыйык, сиздер кымбатсыздар!»-деп токтолду.

Атай айыл аймагынын башчысы Бакдөөлөт Бобукеев айымдарга грамота тапшырууда

Мындан сырткары, айыл аймактардын өкмөт башчылары, райондук аялдар кеңешинин төрайымы Гүлжамал Шайнаева энелерди куттукташты.

Аймактардан келген айымдар майрамдык кечеге катышып жатат

Кечеге чакырылган аялзатына райондук администрация жана айыл өкмөт башчылары тарабынан майрамдык белектер тапшырылды. Бир катар алдыңкы айымдарга раймамадминистрациянын, айыл аймактардагы өкмөт башчыларынын, Кыргызстан аялдар конгрессинин, сыйлыктары ыйгарылды.

Жазгүл Машаева