"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Видео: Айылдагы энелерге белектер берилди

10 Март 2021 жыл 11:46
Көрүүлөрдүн саны: 69

Кара-Суу Жаштар Ынтымагы тарабынан Сары-Булуң айыл аймагына караштуу, Кара-Суу айылындагы 15 апага Улук Учкучбек уулунан атынан белектер берилди.

Кара-Суу айылынын тургуну Жеңиш Чөкөнбаевга Улук Учкучбек уулунан атынан берилген белекти тапшырып жатат

Буга чейин Кара-Суу Жаштар Ынтымагы айылдын бардык көчөлөрүнө ишембилик өткөрүп, айыл тургундарын тазалыкка чакырды. Жаштардын демилгеси менен чогултулган каражатка, беткап тиктирип, айыл тургундарына таркатып берүү менен түшүндүрүү жүргүзүп келишкен.Элди кайрымдуулукка чакырып, акча топтоп, көп балалуу, кары картаң, аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам бери келишкен. Мындан сырткары, жөө адамдар кулап кетпөөсү үчүн тосмолор тосушуп, коомдук иштерге активдүү катышып келген.

Айылдагы жумушсуздук көйгөйүн чечүүгө умтулган Миң-Куш жаштар борбору тууралуу окуңуз
Анара Мааметова