Дарыга сезимтал кургак учук — бул бир нече ай бою дарылоону талап кылат, кээде 6-8 айга чейин созулат. Дарылоодо 4 түр дары белгиленет: изониазид, рифампицин, пиразинамид, этамбутол. Дарыны пациент токтотсо же үзгүлтүккө учуратса, анда кургак учук бактериясы дарыга туруктуу болуп, ооруну айыктыруу кыйыныраак болот.
Бул туурасында Тогуз-Торо районундагы ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөлдөө борбору билдирди.
Дарыга туруктуу кургак учук- бул бактериялар генетикалык мутацияны иштеп чыгып, натыйжада кургак учукка каршы бир нече дары- дармектер бактерияларга каршы натыйжалуу болбой калат. Оорунун бул түрү 9-18 айга чейин дарыланат, кээде 2 жылга чейин созулат жана 5-6 дарынын түрү белгиленет. Дарыларды бейтап күнүнө 1 жолу үзгүлтүксүз ичүүсү шарт.
Кавасаки сымал синдромдо дене табы көтөрүлөт
Анара Мааметова