"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Кылмыштуулук боюнча мектептерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

31 Март 2021 жыл 21:51
Көрүүлөрдүн саны: 119

Тогуз-Торо райондук прокуратурасынын демилгеси менен райондук айыл аймактарындагы мектептерде жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, өз өмүрүнө кол салуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мектептерде жыйындар өткөрүлдү


Жыйынга, Тогуз-Торо раймамадминистрациясынын социалдык маселелер боюнча башкы адис Токтобү Карагулова, райондук прокурору Арстаналы Аракеев, ички иштер бөлүмүнүн башчысы Талант Сабырканов, Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Чолпонай Жеңишова жана аймактык участкалык милиция кызматкерлери катышты.

Сүрөттө:Солдон оңго Т.Мойдунов атындагы орто мектебинин директору Назгүл Атамкулова,социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Чолпонай Жеңишова, Тогуз-Торо раймамадминистрациясынын социалдык маселелер боюнча башкы адис Токтобү Карагулова, райондук прокурору Арстаналы Аракеев, ички иштер бөлүмүнүн башчысы Талант Сабырканов, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев

Иш чаранын жүрүшүндө, райондук прокурору Арстаналы Аракеев «азыркы учурда өлкөбүздө жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка жол бербөө боюнча профилактикалык иш чаралар түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келгендигине карабастан дагы деле терс көрүнүштөр катталып келет. Мисалга алсак, таанышуу бирөөнүн тилине кирүү менен 2019- жылдын 1-январынан баштап мыйзам жорук боюнча жаңыланган мыйзамдар күчүнө кирип, жаңы мыйзам кабыл алынган. Анда 14 жашка чейинкилер үчүн жазык кодексинде 30- беренесинде ачык көрсөтүлгөн.
Үй бүлөлүк зордук зомбулук, же башка бирөөлөр тарабынан болуп жатса бизге кайрылгыла.

Окуучулар арасында баңги зат сатуу көп кайталанган учурлар көп катталат. Балдар силер биздин келечегибизсиңер Кыргызстандын өнүп өсүүсүнө алга карай жылышына өз салымыңарды кошуу үчүн татыктуу билим тарбия алышыңар керек»-деп билдирди .

Мектептеги жаш өспүрүм балдарды кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн айыл аймактарынын участкалык милиция кызматкерлери дагы түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп, мектептер менен тыгыз иш алып барышаарын белгилешти.

Жазгүл Машаева