"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Мектеп директору жергиликтүү кеңештин депутаты боло алабы?

3 Май 2021 жыл 0:36
Көрүүлөрдүн саны: 53

Алгач, жергиликтүү тургундары менен ушул суроонун айланасында сурамжылоо жүргүздүк

“Болуп өткөн шайлоодо директорлор, жетекчилер деле коюп, добуш алып өткөндөр болду.Эгер элге кызмат кылам деп, кызыгуусу болсо, эки ишти бирдей алып кете алса болот”
“Жеке оюм болбойт, мектеп директору эмес, мекеме жетекчилерине да туура эмес.Мндай, мыйзамды түшүнгөн, карапайым мугалим койсо болот”
“Депутат боло алышат да.Депутат кантип боло албай койсун.Шайлангандан кийин иштейт. Эл ошон үчүн ишенип шайлап атат”
“Макул,башка аймакка кое берсе болот.Бир аймакка директор бюджет бекитип жатат.Өзүнүн көмөчүнө күл тартат”

“Же директорлукту же депутатты тандаш керек.Негизгиси директор, депутат болбойт”
Ал эми бул суроого жооп алуу үчүн Сары-Булуң айыл аймагынын жоопту катчысы Асылкерим Кыдыковго кайрылдык:

Сары-Булуң айыл аймагынын жоопту катчысы Асылкерим Кыдыков

“2016-жылы айылдык кеңештердин кайра шайлоосунун 7-чакырылышта мектеп директорлору депутат болушкан.Бирок, мектеп директору укугу жок болгондуктан, депутаттык мандатын өткөрүп берген.Азыркы жаңы мыйзамда жергиликтүү кеңешке депутат болууга укуктуу”

Венера Эпээва Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылындагы орто мектептин директору. Мурда жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коюп, бирок көрсөтүлгөн жобонун негизинде ошол аймакта жашаган жетекчи айымдар депутаттыка талапкер боло албайт дегенинен кайра талапкер болуудан баш тарткам дейт:

Венера Эпээва

“ Мен жергиликтүү бир аймакта жетекчи болуп иштегениме байланыштуу болбой калдым. Анткени, шайлоонун жобосунда эгер аймакта жетекчилик кызматта турса, ошол жердин айылдык кеңешине депутат болбойт деген жобосу бар экен. Депутаттыкты аткара албай калдым.

 

 Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикилер Фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Анара Мааметова