"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

5-май Кыргыз Республикасынын конституциясы кабыл алынган күнүнө карата Тогуз-Торо районунун прокурору Арстаналы Аракеевдин куттуктоосу

5 Май 2021 жыл 14:27
Көрүүлөрдүн саны: 92

Урматтуу мекендештер! Эгемендүү кыргыз элим! Сиздерди конституция күнү менен куттуктайм! Кыргыз элиме ынтымак жана бейпилдик каалайм!

Тогуз-Торо районунун прокурору Арстаналы Аракеев

5-Май Конституция күнү катары таанылгандан бери 28 жыл болду. Бул аралыкта канчалаган өзгөрүүлөргө жана түрдүү окуяларга карабастан, дата манилүүлүгүн сактап келет.

1993-жылдын 5-майындагы Конституция жаңы мамлекеттин курулушуна, жаңы укуктук негиздерди жана мамлекет менен жарандардын, коомдук бирикмелердин ортосундагы жаңыча мамиле түзүүгө негиз берди.

Конституция нукура көз карандысыз жана адилеттүү сотту түзүүгө мүмкүнчүлүк тартуулайт. Жалпысынан алганда жарандардын укуктары жана эркиндиктери тууралуу жоболор камтылган. Конституция ар бир кыргызстандык үчүн татыктуу турмуш камсыз кылууну башкы максаты катары караган калыс, демократиялуу мамлекет курууга бекем фундамент түзөт.

Жазгүл Машаева