"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородо коронавируска каршы эмдөө башталды

5 Май 2021 жыл 13:18
Көрүүлөрдүн саны: 47

Коронавируска каршы эмдөө үчүн SARS-COV-2 вакцинасы 2000 доза келген. Эмдөөнүн 1-этабына медицина кызматкерлери, мугалимдер, бала бакча кызматкерлерине белгиленген. Эмдөө 2 жолу 28күн аралыгында жүргүзүлөт.

Бул тууралуу Тогуз-Торо районунундагы санэпидкөзөмөлдөө борборунун врач-эпидемиолог Анара Атыканова маалымат берди.

Сүрөттө: Эмдөөнү Тогуз-Торо районунундагы санэпидкөзөмөлдөө борборунун врач-эпидемиолог Анара Атыканова алып жатат

Биринчи эмдөөнү ар кайсы жаштагы 3 медицина кызматкерлери алды. 70, 45, 30жаштагылар. Эмдөө алгандан кийин эч кандай организмде өзгөрүү, реакция, терс көрүнүштөр байкалган жок»,- деди эмдөө алган врач эпидемиолог Анара Атыканова.

Коронавирус оорусуна каршы вакцина алуу эл арасында коркунуч жаратууда
Анара  Мааметова