"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо районунда эпидемиологиялык абал туруктуу

5 Май 2021 жыл 13:47
Көрүүлөрдүн саны: 37

Тогуз-Торо райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөлдөө борбору коронавирус оорусу жөнүндө маалымат берет. Коронавирус оорусу февраль, март айларында катталган жок.

12- апрелде 1 учур катталды. Бишкекке барып келип ооруп калган. Оору женил түрү болгондуктан, бейтап үй шартында дарыланууда. Контакттар такталып 14 күнгө медициналык байкоого алынды.

Мектеп окуучулары арасында ооругандар катталган жок. Мектептерде жана бала- бакчаларда мурдагыдай эле санитардык- гигиеналык талаптар жана эрежелер алгоритмге ылайык сакталууда.

Эл арасында ооруга күмөндөлгөн бейтаптардан ПЦР анализдери алынууда. Акыркы анализдер 14.04.21- жылга карата таза болуп келди. ПЦР тесттер жетиштүү.
Тогуз-Торо районундагы санэпидкөзөмөлдөө борбору эскертет:
Ооруну алдын алуунун эн оңой жолу-бул беткап тагынуу!

Тогуз-Тородо коронавируска каршы эмдөө башталды 

Анара Мааметова