"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо районунда жума сайын ишембилик өткөрүлүүдө

5 Май 2021 жыл 14:20
Көрүүлөрдүн саны: 49

Тогуз-Торо районунун бардык айыл аймактарында ар жуманын жума күндөрү айлана чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү айлыгынын алкагында айлана-чөйрөнү, тазалоо, таштандыларды өрттөө иштери жүргүзүлүүдө

Бул ишебиликке раймамадминстрация башчысы акимдин милдетин аткаруучу Улан Иманбердиев баш болуп, мекеме ишкана жетекчилери эмгек жамааты менен биргеликте катышууда Т. Жээналиев көчөсүнө жалпы 160 түп кызыл карагай отургузулду.

Кызыл карагайды Тогуз-Торо фондунан 240 миң сом бөлүнүп, Ысык-Көл облусунун Түп районунан алынып келген.


«Тазалык айылыбызга, айылыбыз баарыбызга» деген ураан менен жалпы айыл тургундарын дагы ишембиликке активдүү катышууга чакырат.

Кызыл карагайлар тигилгенден кийинки абалы

Анара Мааметова