"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Эрдиктер эч качан унутулбайт

9 Май 2021 жыл 13:20
Көрүүлөрдүн саны: 52

Тогуз-Торо районунун акими,орун басары, өкмөт башчылары 9-май жеңиш күнүнө карата ардагерлердин байбичелерине барып, ал абалын сурап, чакан майрамдык белектерин тапшырып келишти.

Район жетекчилер, ардагерлердин үй-бүлөсүнө бекем ден-соолук каалап, бул жылы өтүлө турчу салтанаттуу маданий иш-чара өтүлбөй калганын түшүндүрүп, Улуу Жеңиш үчүн ыраазычылык билдирип, ардагерлерге арнап куран окушту.

Тогуз-Торо районунун акими Улан Иманбердиев ардагердин байбичеси Жибек Бексултановага майрамдык белегин тапшырды

Улуу Ата Мекендик согуш мындан 76 жыл мурда жеңиш менен аяктап, согуштун баатырлары майтарылбас эрдиктери менен келечек урпактарга тынчтыкты белек кылган. Канчалаган кырчындар кайтыш болуп, кээ бирөө ден соолугунан ажырап кайткан.

Тогуз-Торо райондон 1564 жоокер согушка аттанып, 410 жоокер дайынсыз болуп, 311 жоокер каза таап, 843 жоокер эл журтуна кайтып келген. Тогуз-Торо районунда ардагерлердин аягы суюлуп калса да эрдиктерин унутпай эскерип, башыбызды ийип таазим кылып, келебиз.

Жаңы-Жер айылында 9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата иш- чара өттү
Жазгүл Машаева