"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Айыл тургундардын мотивациясын жогорулатуу максатында окутуу болду

13 Май 2021 жыл 0:10
Көрүүлөрдүн саны: 55

Сары-Булун айыл аймагынын айыл тургундарына, 10-11-класстарга «Китеп жан дүйнөнүн азыгы», «Өзүн өнүктүрүү»аталышындагы тренингди айылдык китепканачы менен коомдук активист Медина Эркинбекова менен биргеликте иш- чара өткөрүлдү.

Тренингдин жүрүшүндө окурмандар арасында талкуулар, жүргүзүлүп, ой бөлүшүштү. Бул иш- чара Сары-Булун аялдар кеңешинин төрайымы Венера Эпээванын сунушу менен өткөрүлдү.

Иш- чара туралуу айыл тургуну Бактыгүл Турдукожоева оюн төмөнкүдөй айтты:

Тренингдин жүрүшүндө окурмандар арасында талкуулар, жүргүзүлүп, ой бөлүшүштү

“Бүгүн мен “Асыл таштан, акыл жаштан” деген макалга чындап ишендим. Себеби, өзү жаш болсо да, көптү билген, адамга мотивация берген, зирек, акылы тунук кыз экен”.

“Бүгүнкү күндөгү тренингден өзүмө көптөгөн маалыматтарды алдым. Абдан таасирлендим, өзүмдү жашоомдо колдоном”,-деди Тунук Орозбекова.

Ал эми тренер Медина Эркинбекова иш- чара тууралуу оюн төмөнкүчө бөлүштү:
“Катышуучулардын энергиясынан, көзүнө толгон кубанычынан байкай алдым. Анан дагы эң жагымдуусу мыкты айымдардын, катышуучу эжелердин батасын, окуучулардын алкышын алуу болду”.

 

Анара Мааметова