"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Карылардын абалы кандай?

21 Май 2021 жыл 0:27
Көрүүлөрдүн саны: 63

Пандемия учурунда элеттеги кары адамдардын саламаттыгы, экономикалык абалы туурасында Сары-Булуң айыл аймагында жашаган айрым тургундарга кайрылып көрдүк:

Сүрөттө: Турдубүш Турдубаева, Гүлжан Кодоева

“Бөөдө кырсыктан сырткары бололучу,өз каражаныбызды өзүбүз эле карап жатабыз. Пенсиябыздан, колубуздан келишинче жабыр тарткан адамдарга, акчалай жардам көрсөттүк. Баткендеги жердештерибиз аман болсунчу, тынчтык болуп эле, өлкөдө бейкутчулук орносо экен”,-дейт пенсионер Турдубүш Турдубаева.

Айыл тургуну Гулжан Кодоева учурда пенсияда, эч кандай таасирин тийгизгенин байкаган жокмун. Айылда, мурдагыдай жашоо уланып, ар ким тиричилиги үчүн кам көрүп, эмгектенип жатышат. Коронавирус туралуу кеп-кеңештерди мед айымдардан алып турабыз. Дары-дармектерди райондон алып келебиз. Айылдык ФАПтан эмдөөнү алдык, жакшы эле кабыл жатышат.

Ал эми Кара-Суу айылындагы почта бөлүмүндө иштеген Суранбү Тартаковага кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдирди:

Кара-Суу почта болүмүнүн кызматкери Суранбү Тартакова

“Пандемия биринчи башталганда пенсионерлердин бардыгына үйлөрүнө барып, пенсиясын берип жаттым. Мындан сырткары, жеке карта менен алган, пенсионерлер, мугалимдер, тарбиячылар, жалпы эле тейлөөчү мекемелерде иштеген кызматкерлердин айлыгын, районго барбастан, айылдагы почта бөлүмүнөн банкомат аркылуу айлык акысын алып жатышты. Бүгүнкү күндө абал туруктуу, мурдагыга караганда, азыр үйдө карылыгы жеткен, баса албаган кары адамдарга пенсиясын үйлөрүнө жеткирип берем”, -деген оюн айтты.

Кара-Суу айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн медайымы Гүлзарида Жылгалбек кызы маалымат берди:

Кара-Суу айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн медайымы Гүлзарида Жыргалбек кызы

“Азыркы учурда көпчүлүгү кан басымы жогору кары адамдар кайрылып жатышат. Аларга көрсөтмө берип, режимди сактоо, туура тамактануу боюнча маалымат берип келебиз. Эгерде кан басымы жогору болсо эмдөө алышпайт. 56 жаштан жогору кары адамдарга эмдөөнү сөзсүз алуусу зарыл. Гриппол вакцинасы учетто турган, кары- картаңдарга эмдөөлөр жүргүзүлүп турат”.

Анара Мааметова