"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Айылдык уз апа элеттик айымдарды жумуш менен камсыз кылып келет

28 Май 2021 жыл 21:45
Көрүүлөрдүн саны: 50

Тогуз-Торо районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну пенсионер Курманалиева Тамара 2009-жылдан бери «Ийгилик» кооперативин иштетип, келе жатат. Кооперативде шырдактар кийизден жасалган паноолор, сувенир, сумка, жумшак оюнчуктарды андан тышкары кызга берилүүчү септерди даярдап келишкен.

Элеттик айымдар шырдак даярдап жатышат

Ал эми пандемия башталгандан бери айымдар үйлөрүнөн иштеп жатышат дейт Ийгилик”кооперативинин жетекчиси Тамара Курманалиева:

Кийизден жасалган буюмдар

“Тилекке каршы пандемия башталгандан шырдактарды, кийиздерди өзүм оюштуруп, бардыгын даярдап, ийне жибине чейин аялдардын үйүнө жеткирим берем. Аялдар үйлөрүнөн бүтүрүп алып келгенде акчасын берем. Негизгиси, кийиз жасаганда чогулуп жасайбыз.

«Ийгилик» кол өнөрчүлүк кооперативинин уз айымдары Жалал-Абад облусунда өткөрүлгөн фестивалга катышууда

Быйыл Жалал-Абад облусу “Кырк курак”деген бирикме түзүлдү. Ар бир райондон 10мүчө менен ортолук фонд төлөп, мүчө болуп кирип жатышат. Биз дагы мүчө болуп кирдик. Бизден 7аял, 3 эркек болуп кирдик. Жакынкы арада облустук деңгээлде фестивалдар уюштурулат. Ошого биз жасаган шырдактар, кийизден куралган буюмдарды, алып барып, саттыкка коем. Өткөндөн кийин иштеген аялдардын акчасын берем. Июндун ортолорунда Ала-Букада андан кийин 29-июндарда Токтогул районундорунда болот”.

Эскерте кетсек, буга чейин «Кыргыз шырдагы» деген темада Нарын шаарында өткөрүлгөн фестивалга катышып, 2-орунду ээлегендиги үчүн диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланып кайткан. Мындан сырткары, Ысык-Көлгө,Ошко, Бишкек шаарларына айымдар менен бирге фестивалдарга катышып, сыйлыктарга, дипломдорго ыраазычылык каттарга жетишип келишкен.
Кооперативде айымдар эмгектенишет. Айлык акылары түшкөн кирешеден төлөнөт. Көбүнчө заказдарды райондун жашоочулары беришет.

Пандемияда элеттик аялдарды жумушсуз калуу түйшөлтөт…

Анара Мааметова