"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Жаш ишкердин баяны

28 Май 2021 жыл 20:22
Көрүүлөрдүн саны: 60

Кара-Суу айылынын 25 жаштагы тургуну, эмеректерди жасоочу кичи ишкананын ээси, Баймырза Куттубек уулу ишканада жыгач менен иштөөгө басым жасап келет. Эмерек дүкөнү ачылганына эки жылдын жүзү болду. Бул эмерек дүкөнү мурда райондо гана болгон. Сары-Булуңда эмерек дүкөнү жок болчу. Ишкердин оюнда айылды өнүктүрүүнү самап келет.

Жаш ишкер Баймырза Куттубеков

Эмерек жасоо менен эл кызматында келаткан кичи ишканада кардарлар көбүнчө күнүмдүк тиричиликке колдонуучу буюмдарга буйрутма беришет. Кардарларга туура мамиле жасап, алардын кызыкчылыгын ойлоо ийгиликке жеткирет. Жасалган эмеректин сапаты маанилүү дейт айыл тургуну Баймырза Куттубеков:

“Мен мурун бир адамдын кол алдында иштеп, ошол жерде эмерек жасоону үйрөнгөм. Мындан сырткары, устачылык боюнча байкем окуган. Байкемден көп нерсе үйрөндүм. Үй-бүлөбүз менен акча топтоп келип, станокторду сатып алып, эмерек ишканасын ачып калдык. Биз кичине нерсе жасасак да сапатына көңүл коебуз. Пандемия учурунда жумуш токтоп калды.Анткени элдин көпчүлүгү жумушсуз калды. Элде акча болсо анан бизге заказ беришет да.”

Ишкер: «Пандемияда мигранттардан акча келбей курулуштар токтолду»
Анара Мааметова