"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сел алып жараксыз абалга келген көпүрө, толук бүткөрүлүп ишке берилди

29 Май 2021 жыл 20:29
Көрүүлөрдүн саны: 44

Сары-Булуң айыл өкмөтүндө 2020-жылдын июнь айларында, кѳпүрѳнү толугу менен сел алып кеткен.Кара-Суу айылынын Карамырза, Булун,участокторунун элдери кѳпүрѳ жоктугунан каттамсыз калган.Учурда жаңы курулган көпүрө бүткөрүлүп,ачылыш аземи болду.Аземге Тогуз-Торо районунун жаңы шайланган акими Мирлан Карагулов, айыл тургундары катышып, аким менен баарлашты

Айыл ѳкмѳт тарабынан ыкчам иш чара тузулунуп натыйжасында райондук областык МЧС менен биргеликте мониторинг жургузулуп,эки башына тумбасын куюуга областын МЧС тарабынан цемент,арматура берилген.Үстүндѳгү туура туура таштамалары (болка) жана цемент плиталары райондук ДЭП-18 мекемелеринен баланстан баланска кайтарымсыз алынган.

Керектѳлүүчү материалдарды даярдалган кийин иштѳѳ жумуштарын БУУ ДАТП эмгек үчүн азык-түлүк долбоорунун алкагында жумущчуларды жумушка тартып жана үстүн цементѳѳ, эки капталын тосуу, техникалар үчүн ГСМ жумуштарына жергиликтүү бюджеттен акча каражаттан кароо менен бүт аткарылуучу ашар ыкмасы менен жергиликтүү бюджеттен акча каражатын экономдоо менен бүткѳрүлдү.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикилер Фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Анара Мааметова