"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Пандемия учурунда жаштардын билим алуусу кандай?

6 Июнь 2021 жыл 1:08
Көрүүлөрдүн саны: 51

Бүткүл дүйнөлүк пандемияга байланыштуу студенттер, окуучулар аралыктан аяктаганга туура келди. Кырдаалга байланыштуу билим алууда, кандай таасирин тийгизгенин айрым студенттерден, окуучулардан сурап көрдүк.

Медина Эркинбекова 3-курстун студенти

 

“Медина Эркинбекова 3-курстун студенти. Азыркы учурда онлайн окуп жатабыз. Менин оюм боюнча онлайн окутууга караганда, оффлайн окутуу алда канча жакшы. Себеби, оффлайн окутуудагыдай эффективдүү билим бизге берилбей келет. Бирок, онлайн учурунда, убактыбыз көбүрөөк болуп калат экен. Азыркы учурда түрк тилин үйрөнүп жатам. Айрым студенттердин иштөөсүнө, мүмкүнчүлүк түзүлдү”.

Ал эми 2-курстун студенти Айгерим Баетовага кайрылганда, онлайн окутуу туралуу оюн төмөнкүчө билдирди:

2-курстун студенти Айгерим Баетова

“Жалпысынан айтканда жакты десем да болот. Себеби, абалга ылайык биздин ден- соолугубузга кам көрүү менен карап онлайн окутуп жатышты. Онлайн болгонуна карабай билим берүү тармагынан үзгүлтүк болгон жок деп да айтсам болот».

«Өзүмдү өнүктүрүү боюнча айтсам, жылдагыга салыштырмалуу көбүрөөк китеп беттери менен тааныштым. Бош убактымда китеп окуп өткөрүп жаттым. Конкурска катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум, апамдын аркасы менен. Ошол эле убакта ийгиликти багындырып байгелуу орунга илинип, ноутбук утуп алдым. Азыркы убакта да өзүмдү өнүктүрүүнүн аркасында анча-мынча электрондук китептерге баш багып жатам. Кээ бир кезде айылдык китепканага да барып өзүмө керектүү китептерди алып окуу менен алек болуп жаткан убагым”.

Кара-Суу айылынын Т.Сатыбалдиев орто мектебинин бүтүрүчүсү Индира Шамырканова өз ою менен бөлүштү:

Кара-Суу айылынын Т.Сатыбалдиев орто мектебинин бүтүрүчүсү Индира Шамырканова

“Кырдаалга байланыштуу тоскоолдуктар да болду. Себеби, биз өткөнкү жылдын аягында, ушул жылдын башында онлайн окуп калдык. Телефон менен окуганга, көп маани бербей, айрым окуучуларда телефон болбой калды. Мисалы, менде телефон болбой калган учурлар болду. Ошол учурда, темалардан артта калдым. Өзүмдүн тынбай жасаган аракетим менен ийгилик жараткан учурларым болду. Карантин учурунда, бош убактыбыз көп болуп, талыкпастан окуп, көп ийгиликтерге жетүү мүмкүнчүлүгү да болду. Экзамендин болбой калганы, Жалпы республикалык тестке даярданганга, көбүрөөк убакытты пайда кылды. Кырдаалга карабастан, Нарын облусуна барып, окуу борборунан окуп, даярданып келгенге, мүмкүнчулүк түзүлдү”.

“Мектеп менен онлайн коштошуу өкүнүчтүү болду.Себеби, 11 жыл окугандан кийин кадимки шартта өткөрүүнү, ар бүтүрүүчү каалашкан. Тилекке каршы, жөн гана слайд аркылуу бүтүрүүчүлөр, куттуктоо менен гана, окууну аяктадык”.

Кара-Суу айылынын Т.Сатыбалдиев орто мектебинин бүтүрүчүсү Орозбек Муратбек уулу

Кара-Суу айылынын Т.Сатыбалдиев орто мектебинин бүтүрүчүсү Орозбек Муратбек уулу:
“Мен үчүн онлайн окутуу абдан оор болду. Дайыма суроолор пайда болуп жатты. Бирок, ошого карабастан мугалимдер күч аракетин бизге жумшап, тыгыз байланышта болуп жатышты. Бирок кырдаалды окуучулар түшүнүп жаттык. Анткени, биздин ден-соолугубуз үчүн кам көрүп жатышканын билип, онлайн окууга активдүү катышып жаттык. Мындан сырткары, өзүмдү спорт жагынан көбүрөөк өнүктүрүп жатам. Учурдагы абалды түшүнүп, онлайн бүтүрүү кечесин туура эле кабыл алдым”.

“Мен Жүрсүн кызы Бекзаада.Т.Сатыбалдиев орто мектебинин 11-классынын класс жетекчиси

“Мен Жүрсүн кызы Бекзаада. Т.Сатыбалдиев орто мектебинин 11-классынын класс жетекчиси болом. Аталган мектебизден быйыл 11 окуучу бүтүрүп жатат. Билим деңгээли жакшы, билим сапатыбыз боюнча 63 пайызды түзөт. Жалпы республикалык тестке даярдануу үчүн атайын графиктин негизинде, предметтик мугалимдер, окуучуларга жардам беришти. Мындан сырткары, Нарын облусундагы окуу борборуна 4окуучу окуп келишти. Бүгүнкү күндө аракети жакшы, Жалпы республикалык тести чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.”

“Онлайн бүтүрүү кечени окуучулар туура эмес кабыл алышты. Себеби, буга чейин 24-майга чейин оффлайн форматында окуп келгенбиз. Менин жеке көз карашым боюнча 24-майга чейин окуганда ковид оорусу жукпаган, 25-май күнү оору жугуп калышы мүмкүнбү деген суроолор пайда болду.

Экзамендеги бааларын болсо 1-2-3-4-чейректе алган бааларына карап, коюп жатабыз. Айта кетүүчү нерсе, райондук деңгээлде өткөрүлгөн олимпиадада Бексултан Муратбек уулу тарых сабагынан 1-орунду алды. Кыргыз тил сабагынан Индира Шамырканова 3-орунга ээ болду. Келечектеги окуучуларыма, эң башкысы ден-соолук, ата-энелеринин үмүтүн, мугалимдердин ишеничин актаган уул-кыздардан болсун. 11 жыл алган билимдери жугумдуу болуп, өздөрү каалаган кесиптин ээлери болушсун. Келечекте жакшы көрсөткүчтөргө жетишет деп ишенем”.

Студент: «Пандемияда мектепти онлайн аяктап, ЖОЖго да онлайн окудук»
Анара Мааметова