«Тогуз-Торо Жаштар биримдиги» тарабынан Нуржигит Кадырбеков менен жолугуу уюштурулду. Райондогу бардык мектептин окуучулары, айыл тургундары, билим берүү өкүлдөрү келип катышышты.
“Мен Нуржигит Кадырбеков Тогуз-Торо районуна 4- жолу келип жатам. Кышында, жазында, жайында келгем. Мени Тогуз -Торо жаштар биримдиги чакырды. Келгенимдин себеби, жаштарды ыйманга тарбиялоо максатында келгем.
Тогуз Торонун Киров, Лелин айылдарына баргам. Райондун эли меймандос, жигиттери ынтымактуу жана күчтүү болушат. Көбүнчө Тогуз Тородо илимдүү билимдүү адамдар көп”,-деди Нуржигит Кадырбеков.