"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сүрөт баян: Сары-Булуң айылдык китепканада өткөн “Китеп той-2021”мааракеси

7 Июнь 2021 жыл 14:54
Көрүүлөрдүн саны: 49

Айыл элибиздин жан дүйнөсүн байытуу, окурмандардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатында иш- чара өткөрүлдү.

Китеп той-2021 иш чарадан көрүнүш

Айылдын активдүү окурмандарына мактоо баракчалары тапшырылды.

Айылдын активдүү окурманы Баймырза Куттубековго мактоо баракчасы тапшырылды

Айыл окурманы Жумагүл Исаковага мактоо баракчасы тапшырылып жатат

Айылдын мыкты окурманы Жоомарт Таанылбековго мактоо баракчасы тапшырылды

Келечек ээлери болгон айылдын кичинекей окурмандары да сыйланды

Айылдык китепкана тарабынан Кыргызстандын булуң бурчундагы мекендештерибиз, чет жердеги мекендештерибиз электрондук китеп менен камсыз болушкан.Онлайн окурмандар тууралуу маалымат берилди

Китеп сүйүүчүлөр, китеп туурасында ой бөлүшүп, талкуулашты .

«Бул жерге көпчүлүк китеп чөйрөсундө жүргөн жаштар келишкен. Эң сонун маанайда өтүп жатат. Китеп- элибиздин бай мурастарын муундан-муунга өткөрүп берип, ар бирибизди ар тараптан каныккан күчтүү, билимдүү жана акылдуу инсан болууга тарбиялайт»,- деген оюн иш чарага келген Сүйүнбү Чолпонкулова билдирди

Аталган иш- чаранын уюштуруучусу, айылдык китепкананын башчысы Анара Мааметовага кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдирди:

“Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жарыяланган “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”жарлыгынын негизинде өткөрүлүп жатат. Иш-чаранын максаты коомчулуктун көңүлүн китеп окууга тартуу, окурмандардын жан дүйнөсүн байытуу, китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатында өткөрүлүп жатат. Эң негизгиси, китеп окуу менен бирге акыл эсибизди, аң сезимибизди байытып, аш казанды эмес, рух казаныбызды толтуралы”,-дейт Анара Мааметова.

 

Альбина Бейшеналиева