"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Эмдөө учурунда туура түшүндүрүү иштери маанилүү

11 Июнь 2021 жыл 0:58
Көрүүлөрдүн саны: 44

«Седеп» мектепке чейинки билим берүү уюмунда жалпы 15кызматкер эмгектенет.Анын ичинен 8 кызматкер ковид оорусуна каршы эмдөөдөн өтүштү.


Эмне себептен ковид оорусуна каршы эмдөөнү айрым кызматкерлер албаганын “Седеп”мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Гүлнур Кожомбердиева төмөнкүчө билдирди:

“Седеп”мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Гүлнур Кожомбердиева

“Анткени, ден-соолугуна байланыштуу вакцинаны бала эмизгендер, кош бойлуулар, врачтын көзөмөлүндө укол алып жаткандар, онкологиялык оорусу барлар албайт экен. 7кызматкер ушул себептерден улам, вакцина алышкан жок».

“Вакцина боюнча бизге Тогуз-Торо райондук жалпы дарыгерлер борборунун жетекчиси Дурия Сансызбаева келип, мектепке жана бала бакчанын тарбиячыларына түшундүрүү иштерин жүргүзүп кетти.Чындыгында, эмдөө боюнча коркунучтар пайда болуп, маалыматтар аз болуп келген. Зыяндуулугу барбы, жокбу деген бүдөмүк ойлор болуп келген. Бизге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин көз карашыбыз оң болуп, бардыгыбыз эмдөө алдык. Эмдөөнүн пайдалуу жагын айта кетсем, врачтардын айтымында май-июнь айлары ковид илдети күч алат деген изилдөөлөр бар экен. Эгерде оору жайыла турган болсо, эмдөө алган адамдарга вирус жолобойт, алдын алат, вирусту адам кабыл албайт экен. Эмдөө алардан мурда ден-соолугубузду, кан басымыбызды текшерип, ошонун негизинде эмдөө алдым. Эмдөөнү 21-майда алгам, бүгүнкү күнгө чейин эч кандай коркунуч жаралган жок”.

Кара-Суу айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнун медайымы Гүлзарида Жыргалбек кызы

“Бүгүнкү күндө ковид-19 оорусуна каршы Сары-Булуң айыл аймагына караштуу мугалимдер, тарбиячылар гана эмдөөдөн өтүштү. Бирок, айыл тургундары вакцинация алыша элек. Жакынкы арада вакцинация жургүзүлөт”,- дейт Кара-Суу айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнун медайымы Гүлзарида Жыргалбек кызы.

Башка аймактардагы вакцинациялоо иштери тууралуу окуңуз:

Суусамыр айылына 400 даана вакцина алынып келинген
Анара Мааметова