"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Тородо балдар үчүн жайкы лагерь өткөрүлүп жатат

16 Июнь 2021 жыл 1:10
Көрүүлөрдүн саны: 65

Тогуз-Торо райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунда “Алтын балалык 2021” балдардын жайкы эс алуу лагери уюштурулуп, ага 95 бала катышты.

Эртен менен саат 9:00дө балдар чогулганда көнүгүү жасоодон башташат

 

Лагердин ачылышы карата райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун директору Гүлмайрам Атамкулова куттуктоо сөз сүйлөп ачып, ийримдин окуучулары көңүлдүү майрамдык маанай тартуулап, концерт коюп беришти.

Концерттин соңунда Тогуз-Торо райондук билим берүү кесиптик бирлигинин профсоюз уюмунун төрагасы Залкар Ажыбаев борбордун жетекчисине ыраазычылыгын айтып, райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунда көп жылдан бери балдардын жайкы эс алуу лагери уюштурулуп келе жатканын, балдардын лагерге кызыкдар болуп көп катышып жаткандыгын айтты. Демөөрчү же болбосо материалдык жактан колдоо болгонунда мындан дагы кызыктуу кылып уюштуруусуна көзү жетип, борбордун жетекчисине ыраазычылыгын айтып, балдарга көңүлдүү эс алуу каалады.

Жайкы лагердин эс алуучулары, музейде саякаттоодо

Концерт көрүп отурган ата-энелерден, чоң энелердин атынан балдарга бактылуу балалык каалап, сөз сүйлөштү.Быйылкы балдардын эс алуусун жетектеген Элвира Эшенкулова, Байбешим Жумадил уулу, Жылдыз Арстанбекова болду. Андан соң лагерь ишин баштап, балдарды түзүлгөн программанын негизинде иш алып бара башташты.

Паркка барып бий сынак өткөрүү,ойноп эс алуулары,асфальтга сүрөт тартуу, кагаздан өздөрүн жасоо жана ар кандай мастер класс өтүлдү

“Эртен менен саат 9:00дө балдар чогулганда көнүгүү жасоодон башташат. Түзүлгөн график боюнча музейди кыдыруу, китепканага барып китеп окуу, мекемелер менен таанышуу, паркка барып бий сынак өткөрүү, ойноп эс алуулары, асфальтка сүрөт тартуу, кагаздан өздөрүн жасоо жана ар кандай мастер класс өтүлдү. Ошондой эле лагердин жүрүшүндө шоколад, печенье, сок, компот, балмуздактар берилип турду. Балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун эс алуусуна катышкан балдардын үйлөрүнө маанайлары жакшы болуп барганына, ата-энелер жана балдардан каалоо тилек, ыраазычылык айткандар болду”,-дейт райондук балдар өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун директору Гүлмайрам Атамкулова.

 

Анара Мааметова