"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо районунда эпидемиологиялык абал кандай?

23 Июнь 2021 жыл 0:15
Көрүүлөрдүн саны: 52

Тогуз-Торо районунда 6 учур коронавирус жана 1 учур пневмония оорусу аныкталган. Контакттар такталып 28 адамдан анализ алынып, 1 адамдан коронавирус табылды. 2 бейтап жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткырылган, 3 бейтап жеңил түрү болгондуктан амбулатордук дарылоодо.

Бүгүнкү күнгө райондо коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу эмес, ошол себептен Тогуз-Торо районунун тургундарына жана меймандарына санитардык талап, эрежелерди алгоритмге ылайык сактоону Тогуз-Торо райондук ооруларды алдын алуу жана санэпидкөзөмөлдөө борбору эскертет:

Көпчүлүккө, тойго, маркумду акыркы сапарга узатууга, жаназага, куран окуткан жерлерге жана башка адамдар көп чогулган жерлерге, коомдук жайларга барууга чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу барганга тыюу салынат.

1. Маркумга көз көрсөтүү жакындарынан башка адамдарга куран окутууга, тамак, жарма алып барууга тыюу салынат.
2. Аралыкты сактоо
3. Маска тагынуу
4. Антисептик пайдалануу
5. Жана башка санитардык эрежелерди сактоо талап кылынат.
Мекемелердин башчыларына, коомдук тамак аш, соода түйүндөрүнүн ээлерине: Алгоритмдин эрежелерин так сактоо талабы коюлат!!!

Оорунун белгилери байкалса тез арада маска танынып, дарыгерге 103, 118 телефондоруна кайрылуу шарт.

Сары-Булуң айыл аймагынын кызматкерлерине вакцинация боюнча Тогуз-Торо райондук администрациясы, Тогуз-Торо райондук жалпы дарыгерлер борбору тарабынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүзүп жатат

Мындан сырткары, Сары-Булуң айыл аймагынын кызматкерлерине вакцинация боюнча Тогуз-Торо райондук администрациясы, Тогуз-Торо райондук жалпы дарыгерлер борбору тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Сары-Булуң айыл аймагынын кызматкерлири эмдөө боюнча маалымат алышты.Айыл тургундарына маалыматты жеткирүү тапшырмасы берилди

Айыл аймактын кызматкерлери жалпы айыл тургундарына эмдөө боюнча маалымат жеткирүү тапшырмасы берилди.

Эскерте кетсек, 2020-жылы июнь айынан биздин райондо эпидемиялык абал курчуп, коронавирус оорусу жайылып, оору күчөгөн. Натыйжада өлүм учурлары дагы көп катталган.

Тема боюнча окуңуз:

Төлөк айылында COVID-19 илдети менен ооругандар катталды
Анара Мааметова