"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң: Жаш ишкердин ийгилиги

26 Июнь 2021 жыл 0:02
Көрүүлөрдүн саны: 109

Элет жеринде жашап, чакан бизнес ачкан жаштар арбып барат. Элет жеринде топурактан кирпич куюп таанымал болгон Шаамырза Куттубеков 28жашта. Былтыркы карантин убагынан бери кыш куюп, сатыкка чыгарып келет. Азыркы күндө 60000-70000 даана кышка, буйрутмаларды беришкен. Кардарларга тапшыруу үчүн азыркы күндө кышты даярдап жатышат.

Элет жеринде жашаган Шаамырза Куттубековдун ылайдан жасалган кирпичтери

«Былтыр ылай кирпичке буйрутмалар азыраак болгон. Айыл эли, райондон бери таанып билгендер болду. Быйыл жакшы, буйрутманы көбүрөөк берип жатышат. Кардарлардын үйлөрү тезирээк бүтсө, аларга жардам, өзүбүзгө пайда болсун деген ниетте иштеп жатабыз».

Адал эмгек менен айылдаштар арасында колдоого арзыган Шаамырза Куттубеков өзүнүн кылган ишинин, эл билбеген түйшүгү бар экенин баса белгилеп кетти:

«Кирпич куюп сатуу аракети, карантин убагында, айыл жериндеги жумушсуздуктан, үйдө көбүрөөк убакыт болгондуктан улам баштаганбыз. Кыш куюнун кыйынчылыктары аябай эле көп. Ылайды аралаштырыш, кышты даярдаш, көп жумушту талап кылат, колдун күчү, белдин күчү, күндүн ысыгы, ошонун баары зыянын берет. Бирок, канчалык түйшүгү болбосун, ак эмгек мээнетин берет. Бардык үй-бүлөбүздүн ден-соолугун караганга, тамак-ашыбызга жеткирип, бардыгын камсыз кылып жатабыз. Кудайга шүгүр, кардарларыбыздын бардыгы ыраазычылыгын билдирип жатышат».

Пандемияда хоббим үй — бүлөлүк каржы булагы болду

Куланак айылынын эң жаш ишкери
Альбина Бейшеналиева