"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң айыл аймагында жалпы элдик жыйын болуп өттү

28 Июнь 2021 жыл 11:36
Көрүүлөрдүн саны: 52

Жаңы шайланган айыл аймак башчысы эл менен таанышып, алдыдагы жасала турган пландарды талкуулашып, ой бөлүшүштү.

Кара-Сууайылында элдик жыйын өткөрүлүп жатат

Сары-Булуң айылдык кеңештин төрайымы Венера Эпээва Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15-июндагы №468 токтомунун негизинде, жаңы шайланган айыл өкмөт башчысын Марлис Олжотоевди айыл тургундарына тааныштырды

 

Жыйындын жүрүшүндө Сары-Булуң айылдык кеңештин төрайымы Венера Эпээва Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15-июндагы №468 токтомунун негизинде, жаңы шайланган айыл өкмөт башчысын Марлис Олжотоевди айыл тургундарына тааныштырды.

Табылгыты айылында элдик жыйын өтүүдө

Сары-Булуң айыл өкмөт башчысы Марлис Олжотоев программалары туралуу айыл тургундарына маалымат берди. Жамааттык уставды кабыл алуу, коомдук уюмдардын башчыларын бекитүү,айылдагы көчө комитеттерин бекитилди. Мындан сырткары айыл жериндеги көйгөйлүү маселелерин, айыл тургундары айыл өкмөткө сунуштарын айтышты. Айыл аймакка тиешелүү ЗРК Кара-Талаа, МТС түзүү, Макмал Голд компании тарабынан бериле турган бал челектер тууралуу маалыматтар берилип, талкуулашты. Жыйынтыгында жаңы шайланган айыл өкмөт башчысын Сары-Булуң айыл аймагынын акскалдар кеңешинин төрагасы Казыбек Жусубакунов каалоо тилегин айтып, батасын берди.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясынын жана Ханнс Зайдель фондунун биргелешкен магистердик программасынын бүтүрүүчүсү Марлис Олжотоев Сары-Булун айыл аймагына өкмөт башчы болуп шайланды.

Буга чейин Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясында эмгектенип келген, 2021-жылдын 11-апрелинде Сары-Булун айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Анара Мааметова