"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Ооруну алдын алуу учүн ар бир адам өзүнө кам көрүүсү керек

29 Июнь 2021 жыл 20:05
Көрүүлөрдүн саны: 55

Былтыркы 2020-жылдын июнь айларында Тогуз-Торо районунда кырдаалга байланыштуу райондук ооруканада бейтаптар жык толуп, дарылоого орун жок болуп, күндүзгү стайионар ачылган. Ошол учурда оору менен алышып, бейтаптарды дарылаган айрым медайымдар маек курдук.

Бурул Абдыразакова пандемия учурунда күндүзгү стационарда врачтын орун басары болуп иштеген. Башынан өткөн окуяларды төмөнкүчө айтып берди:

Күндүзгү стационарда врачтын жардамчысы Бурул Абдразакова

«Апрель айынан райондо оору күчөп, медайымдар тикебизден тик туруп, тынымсыз иштедик Буга чейин, башыбыздан өтпөгөндүктөн, бар десе барып иштеп калдык.Биздин бөлүмдөгү кыздар, бардыгы иштеди. Биринчи коркунучту айт. Быйыл дагы билип калдык. Былтыр июль айында көбөйүп кетти. Угуп укпай эле, өзүнөн өзү коркуп, келген адамдар көп болуп, эл батпай калды. Орундар жетишсиз болуп жатты. Медиктер, форма кийип, аба жетпейт формадан, улам алмаштырышат. Мен болсо дары-дармек, форма менен камсыз кылып жаттым. Чындыгында катуу иштедик, бир күнү бир медик ооруп калат. Эртеси дагы башка кызым ооруп калат. Өзүм пневмония менен апрелде ооруп калдым.

Май айында Бишкек шаарына барып дарыландым. Эмдиги 2021-жылды көрөбүзбү дегендей ой болду. Болгону 3 медайым ооруган жок. Калгандары бүт оорушту. Эң негизгиси, ден-соолугубуз өзүбүздүн колунда, бет кап тагынып, эл топтолчу жерлерге көп барбай, өзүбүздү сактайлы. Суюктук көп ичип, көбүрөөк кыймылда болуу керек. Көптө өзүңө келет экенсиң, жүрөт биздин организмде».

Тогуз-Торо райондук жалпы дарыгерлик борборунун дарыгери Мирзат Омор кызы төмөндөгүдөй кеңешин айтат:

Тогуз-Торо райондук жалпы дарыгерлик борборунун дарыгери Мирзат Омор кызы

“Ковид оорунун ар кандай түрлөрү бар. Кайсы адам, кайсы түрү менен ооруп, көтөрүп кетет. Негизи эле адамдар үй-бүлөлүк дарыгерде 3-6 байкоодо болуусу зарыл. Коркунучтуу өзгөчүлүгү, кан куюлуп кеткенде инсульт алын калганы. Бир жагы кыймылдабай калганы, көздүн тамырлары жарылганы, кант диабети менен ооруган адамдарга кооптуу. Ошол адамдар өздөрүн сактап, обочолонуп үй-бүлөлүк дарыгерге көрүнүп турушу керек”.

Тема боюнча окуңуз:

КОВИД-19: Индия штаммы
Анара Мааметова