"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Баалардын кымбатташы элеттиктерге тийгизген таасири

11 Июль 2021 жыл 0:46
Көрүүлөрдүн саны: 42

Баалардын кымбатташы, карапайым элге таасири тийип жатат. Мисалга алсак, азык-түлүктүн баалары 100%га кымбаттады, ал эми эмгек акылары мурункудай эле. Тапкан эмгек акылары, тамак-аштан ашпайт деген ойлорун айыл тургундары билдирүүдө.

Айыл тургуну Болот Отунчиев

Бул туурасында айыл тургуну Болот Отунчиев билдирди:
«Мындан тышкары, чөптүн баалары кескин түрдө өстү. Айылдагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, көп жылдык чөптөрдү оруп-жыйу иштеринин жүрүшүн жеринен көрүштү. Бирок, тилекке каршы, техникалардын кызмат акыларынын баасын жөнгө салышса болмок. Карапайым адамдарга кыйын эле болуп жатат, өз жериндеги чөптү сатып алгандай болуп жатат», -дейт Б.Отунчиев.

Алмагүл Масылканова 20 жылдан бери айылда чакан ишкерлик менен алектенип келет. Каарманыбыздын мындай аракети, айыл жергесиндеги жумушсуздуктан улам пайда болгон. Элет жергесинде ишкерлик кылуу — элдин экономикалык жашоо шартына байланыштуу дейт.

“Элетте жеке ишкерчиликтин артыкчылыгы ак эмгек менен мээнеттенип, акча тапканды жактырам. Элдерге керектүү нерселер менен камсыз кылганды жактырам. Алып келген товарлар пенсияга пособияга, ар кандай айлыктарга биз карызга беребиз. Тараткан карыздарыбыз, кээ бир убактарда ала албайсың. Ар кандай учурлар көп болот. Азыркы пандемияга байланыштуу соодабыз кичине солгундап калды”.

Бааларынын туруксуздугу ишмерлердин ишине тоскоолдук жаратууда 

Анара Мааметова