"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Дарыгер: «Эмдөө жолу менен гана илдетти жеңе алабыз»

30 Июль 2021 жыл 22:48
Көрүүлөрдүн саны: 142

Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Замира Орунбаева:
“Элдин саламаттыгын ойлоп, күн-түн дебей иштеп жүргөн медицина кызматкерлеринин эмгегин теңге илбей, эл арасында коронавирус инфекциясына каршы эмдөө жөнүндө фейк-маалыматтарды таратып жаткандар, алардын арасында сыйлуу курактагы аксакалдардын болушу бизди өкүндүрөт. COVID-19ду эмдөө жолу менен гана токтото алабыз”

“Эмнегедир биздин элибиз туура эмес, фейк маалыматтарга көбүрөөк ишенип, ал эми медицина кызматкерлери өздөрү алгачкылардан болуп, өзүнүн керт башында сыноолордон өтүп, ооруган учурда дагы жеңилирээк өтө турганын элге маалымдап айтсак, ушул маалыматка негедир жакшы ишенишпей, туура эмес маалыматтарга көбүрөк жатканы бизди өкүндүрөт”.

Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Замира Орунбаева

“Ошондуктан, жарандар сиздерден сураныч, кеч боло электе, биздин жакын, кымбат адамдарыбыздан айрылып кала электе, бүгүнкү күндө убакыт бар, 75% элибизди эмдетип алсак, ушул ооруну токтотуп калат деген чоң үмүттөбүз”дейт; Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Замира Орунбаева.

Булак: Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
Анара Мааметова