"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Коронавирус менен экинчи жолу ооруп калуу мүмкүн

30 Июль 2021 жыл 16:37
Көрүүлөрдүн саны: 51

Дарыгерлердин айтуусу боюнча, кайрадан экинчи ирет ковид менен ооруп калышы мүмкүн, адистер оорубайт деп эч ким кепилдик бере албайт деп коңгуроо кагышууда.


Коронавирус менен ооруп айыккан адам экинчи жолу кайрадан ооруп калышы мүмкүнбү деген суроо менен Табылгыты айылындагы медайым Нурзат Арзиевага кайрылдык:

Табылгыты айылындагы медайым Нурзат Арзиева

“Ковид менен кайрадан бейтаптар ооруй берет. Анткени, ковид-бул грипп сыяктуу, элдер менен байланыш болсо оору кайрадан улана берет. Себеби, ооруп айыккан адамдар, үйлөрүнө жатпастан, аш-тойлорго барып эле аралашып жүрөт. Медайымдар болушунча күч-аракетитибизди жумшап, эскертип, айтып жатабыз. Айыл- апага барбай, кошуналарга көп каттабай, маска тагынгыла, гигиеналык эрежелерди сактагыла деп айтканыбыз менен тургундар кайдыгер мамиледе кылып жатышат. Эгерде жергиликтүү тургундар 70-80% пайыз вакцина алышса анда оору азаймак”, -дейт Н.Арзиева.

Коронавирустан айыктым болду дебестен, ар дайым ден-соолугуна көңүл буруусу керек. Бул тууралуу пульмоног дарыгер Венера Эшенкулова “Сак бол” программасында маек куруп жатып билдирди.

Пульмоног дарыгер Венера Эшенкулова

“Коронавирустан айыккан адамдар, өзүнүн ден-соолугуна кийин көңүл буруп туруш керек. Көнүгүү гимнастикаларга басым жасап, ашыкча салмакты азайтып,салмакты нормалдаштырып туруу зарыл. Эгерде дем алуу көнүгүүлөргө көңүл бурбасак, өпкөнүн ачылышына бөгөт болот. Жашылча жемиштерге көбүрөөк көңул буруп, кошумча дарыларды, дарыгердин көзөмөлү менен сөзсүз алыш керек. Коронавирус бир жылдан ашып кетти, качан токтойт, биз билбейбиз. Ар бир адам, оорусак да, оорубасак да ден-соолугуна көңүл буруусу зарыл. “Мен күчтүүмүн”, “Мен айыктым”, “Менин ден соолугум чың” деп өзүн колго алып, алдыга умтулуусу керек”.

Анара Мааметова