"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң айыл аймагында абал туруктуу

30 Июль 2021 жыл 19:05
Көрүүлөрдүн саны: 82

Кара-Суу айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмү маалыматы боюнча бүгүнкү күндө 1 учур катталды. Ковид-19 оорусуна каршы 15-июлдан бери Сары-Булуң айыл аймагында эмдөө иштери жүрүп жатат.

Кара-Суу айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн медайымдары Аяткан Шеримбекова, Гүлзарида Жыргалбек кызы

“Эмдөө айылдык ФАПта саат 8-00дөн 18-00гө чейин эмдөө акысыз жүргүзүлүп жатат. Азыркы учурда жалпы 22 адам эмдөөдөн өтүштү. Көпчүлүгү ишенбей, эмдөөдөн баш тартып жатышат. Медайымдар эмдөө боюнча ар бир үйгө кыдырып, маалымат берип келдик. Эмдөө алаардан мурда жарандарды атайын мобилдик топ келип, алдын-ала текшерип, медициналык кароодон өткөрүп,дарыгердин көзөмөлүндө сайылат.

Бул оорунун алдын алуунун биринчи себеби, эмдөөнү алуу болуп саналат. Өз ден-соолугуңуздарга кам көрүп, эмдөөгө активдүү катышыңыздар”, -дейт Кара-Суу айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнун медайымы Гүлзарида Жыргалбек кызы.

Сүрөттө Мектеп директору Миргүл Какаевага эмдөө сайылууда

Миргүл Какаева мектеп директору:
“Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалимдер жамааты ковидке каршы вакцина алып жатабыз. Өз ден-соолугубуз үчүн күрөшөлү. Вакцина алуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүздү”.

 

Анара Мааметова