Тогуз- Торо районунун Кара-Суу айылынын Жийде участкасындагы сел коркунучу бар аймак ондолуп, сел тосмолору бекемделди. Чогулуш учурунда айтылган көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында Кара-Талаа участкасына убактылуу мал камоочу жай уюштурулуп, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары жана суу башчылары менен биргеликте 0.06 га жер атайын тосмо менен коргондолду.
Мындан сырткары, Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талабы боюнча Кара-Суу айылынын Жийде участкасындагы сел коркунучу бар аймак оңдолуп, сел тосмолору бекемделди.
Альбина Бейшеналиева