"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Балдардын мектепке даярдыгы кандай?

19 Август 2021 жыл 0:37
Көрүүлөрдүн саны: 102

Тогуз-Торо районуна караштуу Эмилбек Касымалиев атындагы орто мектебинин директору Алтынбек Чокморовдун маалыматына караганда учурда мугалимдер коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү. Мектепте 23 кызматкер эмгектенсе, анын ичинен 19 мугалим эмдөө алса, 4мугалим кош бойлуу жана башка себептерден улам эмдөө алышкан жок.

Эмилбек Касымалиев атындагы орто мектебинин директору Алтынбек Чокморов

«Кырдаалга байланыштуу окуучулар үчүн бирдиктүү мектеп формасы талап кылынбайт. Форма каалагандай, өз эрки менен кие беришсе болот. Бул туурасында мугалимдер, ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт», -дейт Алтынбек Чокморов.

Тунук Орозбекова 7баланын энеси, баатыр эне

Бүгүнкү күндө балдардын мектепке даярдыгы кандай?

Тунук Орозбекова 7 баланын энеси, баатыр эне.Учурда мектепке 2 бала, 1 кызы мектепке барат. Ушул тапта жолдошум экөөбүз тең жумушсузбуз. Азыр, окуу куралдарын гана алганды пландап жатам. Себеби, кийим-кечесине жетпей калабы деп ойлонуп жатам. Бирок, балдарым үчүн аракет кылам, баардык жагынан камсыз кылабыз. Шартка байланыштуу, азыр иштебегенге каржы жагынан бир кыйналып турабыз.

Ханнс Зайдель фондунун Кыргызстандагы өкүлү Макс Георг Майер окуучуларга окуу куралдарын тартуулап жатат

Ханнс Зайдель фондунун Кыргызстандагы өкүлү Макс Георг Майер айыл аймакка келип, айылдагы аз камсыз үй-бүлөлөлөрдүн балдарына окуу куралдарын тартуулап кетти дейт Сары-Булуң айыл аймагынын социалдык кызматкери Бурулсун Эрмекова.

Анара Мааметова