"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Эпидемиолог: Вакцина боюнча элге толук маалымат жеткен жок

24 Август 2021 жыл 0:22
Көрүүлөрдүн саны: 122

Негизи, башында вакцина жөнүндө толук кандуу маалымат элдерге жеткен жок. Медицина кызматкерлер өзүнүн участогуна жеткиликтүү маалымат жеткириш керек болчу. Күтүлбөгөн жерден элдерге вакцина сайып баштаганда гана маалымат бериле баштады деген оюн Тогуз-Торо районундагы санэпидкөзөмөлдөө борборунун врач-эпидемиолог Анара Атыканова билдирет.

Кооптонуп турган элдерди ого бетер коркутушту. Эмдөөгө чейин 1 ай мурун элдерди даярдаш керек болчу. Вакцина келгенде, элдер даяр болуп, ала башташмак. Башка региондордо 1-күндөрү 100дөн ашык адам ала башташыптыр. Бизде бир күндө 1-2ден гана адам алып жатышты.

Сүрөттө: Врач-эпидемиолог Анара Атыканованын кан басымы текшерилип, вакцина алуу учуру

«Кээде мекемелерди кыдырып, 1саатка чейин маалымат бергенде көп суроолор берилип жатты. Элдер интернетте айтып жатпайбы деген сыяктуу ойлорун айтып жатышты. Тааныбаган бирөө вотсаптан айтса ишене бересиздерби. Вакцина алган жаныңарда мен турам, кошуна, тууган, айылдаштарыңар алып жатат, аларга кандай ишенбейсиңер деп маектешкенде гана элдер ынанып жатышты.
Мен негизи иммуннолог эмесмин. Эпидемиологмун, жугуштуу оорулар боюнча иштейм. Жеке оюм, вакцина боюнча элдерге кеңири маалымат берүү керек. Вакцина-ал эмне, эмнеден турат, медайымдар жергиликтүү тургундарга түшүндүрмө берип, маалымат таратуу керек»,- дейт

Касиет Сыдыкова

Казарман айылынын тургуну Касиет Сыдыкова айылда элдер жалган фейк маалыматтар көбүрөөк ишенип жаткандыгын билдирди:
“Мен дагы жалган маалыматтарга ишенип, алданып калгам. Азыр кайсыл маалымат жалган, кайсынысы чын экенин так айырмалап, ишеничтүү булактардан окуп келем. Эң негизгиси, тастыкталбаган маалыматтар көбүрөөк тарап, эмдөө алууда, элдерде кооптонуу жаралып келүүдө”.

Кара-Суу айылынын тургуну, пенсионер, Үмөтбек Чотуров

Пенсионер, Умөтбек Чотуров

“Мен 68 жаштамын. 65 жаштан жогорку адамдар биринчи кезекте эмдөөдөн өтүү керек деген маалыматты уккандан кийин өз калоом менен барып барып эмдөөдөн өттүм. Эч кандай, өзгөрүүлөр байкалган жок”.

Анара Мааметова