"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Аудио: Сары-Булуң айылдык кеңештин ишмердүүлүгү

26 Август 2021 жыл 22:20
Көрүүлөрдүн саны: 129

Жергиликтүү кеңештин сессиясына кандай маселелер киргизилген? Бул суроого жооп издеп, Сары-Булуң айыл аймагынын депутаттары жана аталган аймактын жоопту катчысына кайрылдык.

Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Асылкерим Кыдыков

Сары-Булуң айылдык кеңешинде 3 сессиия болуп өттү. Сессияда айылдык кеңештин төрага орун басарлары, туруктуу комимиссиялар такталды.Иш пландар түзүлүп, пландар бекитилди.Иш планда киргизилген, негизги көйгөйлүү маселе болгон жер маселеси элдик жыйында бекитилген. Калктын ой -пикирин эске алуу менен жер маселеси сесссияга киргизилген.Бул туурасында Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Асылкерим Кыдыков билдирди:

“Бул иш планда жергиликтүү айыл аймагындагы ФПСтин канча жери бар, канча кишиге кандай жол менен берилген так маалыматты алдын алуу максатында жана ушул элдердин талабын мындан ары толук аткарып, жолун издөө максатында сессияда каралган.Сессияда жер адисинин кыскача маалыматы, туруктуу комиссиясына угулуп, бул жергиликтүү элдин талабын аткаруу боюнча кайра жерди октябрь айында инвентаризация жасоо боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылды.Ошол жыйынтыгы менен муктаждык чечилет деген ой бар”.

Көпчүлүк жарандар жер көйгөйүн көтөрүп, кайрылып жатышат.Ошол себептен улам элдин муктаждыгын чечкенге аракет кылып жатабыз дейт Сары-Булуң айылдык кеңештин депутаты Сапаралы Өмүракунов.

Сары-Булуң айылдык кеңештин депутаты Сапаралы Өмүракунов

“Чоң көйгөй болгон жалаң эле жер маселеси болуп жатат.Көбүнчө эле жер -жер деп бүт ушул маселени көтөрүп жатышат.Жакыр үй-бүлөлөр жер албай калганбыз, үлүшү да жок.Арендабыз да жок деп кайрылып жатышат.Колунда жокторго дыйкан чарбага да кирбей калып, ал жактан да, үлүш да жер албай калып,кийин арендага да жер алышпай, такыр жер тоголок жер жок болуп, жер маселесин көтөрүп жатышат.Жер боюнча чечип бергиле деп,бирөөнүн арендасынын мөөнөтү бүткөндөрдөн жок дегенде 1ден гектар болсо дагы жер алып берүүгө аракет кылсакбы деп жатабыз”.
Ал эми сессияга катышкан айыл тургуну Тунук Орозбекова сессия туралуу оюн төмөнкүчө бөлүштү:

Айыл тургуну Тунук Орозбекова

“Эми сессияда көйгөйлөр айтылганда эмнелер айтылды.Көбүнчө жер жөнүндө элдин муктаждыгы жер экен, суу боюнча, жер боюнча, көп элде жер жок экен.Ошол жөнүндө айтылды.Азыр көп элдер катышып, мисалы биз түшүнчү эмесбиз.Эми түшүнүп,бул аябай жакшы нерсе экен.Сессияга катышып, көп нерсени угуп,жакшы болуп калды.Азыр эмне болуп жатат, эмне коюп жатат, азыр билип калдык.Көйгөйлөр чечилип, көп нерсени чечишти.Мисалы: азыр депутаттар иштейли, жакшы нерселерди киргизизип жатышат.Ысырапкорчулук боюнча, мусор боюнча киргизип жатат.Элге керектүү нерселерди, сессияга катышып, аракет кылып жатып, кудайга шүгүр мусор чыгып жатат.Айдын 15-30күндөрү чыгып жатат”.

Бул уктуруу Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонду тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Анара Мааметова