"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Пандемияда маданий иш- чараларга чектөөлөр көп

30 Август 2021 жыл 15:01
Көрүүлөрдүн саны: 115

2020-жылы дүйнө жүзүн илдеп каптап, Кыргызстанга дагы жугуштуу илдеттин бөлүгү да келип, көптөгөн адамдар ооруга чалдыгып, оор кырдаалдарды башынан өткөрүүдө. Анткени, бул оорудан улам ден-соолукка гана зыян тийгизбестен, райондо, айылдарга маданий-массалык иштерге чейин чектөөлөр киргизилди.

Бирок, ошого карабастан иш- чараларды аткаруу максатында жер-жерлерде, адамдарыбыз менен өткөрүп, кайра онлайн түрүндө жөнөтүп жатты.

Сары-Булуң айылдык клубунун маданият бөлүмүнүн башчысы Бермет Султаналиеванын билдирүүсүнө караганда ковид оорусу маданий-иш чараларды өткөрүүдө, бир топ тоскоолдуктарды жаратып келди.

«Бирок, ошого карабастан, колубуздан келишинче, иш пландын негизинде түзүлгөн комуз күнү, карылар күнү, энелер күндөрүнө карата иш- чараларды онлайн түрүндө уюштуруп, социалдык баракчалар аркылуу угармандарга жайылтып жаттык.

Сары-Булуң айыл аймагынын кол-өнөрчүлүк көргөзмөсү

Кудайга шүгүр, 2021-жылы бул ооруну вакцина алуу менен жана ар кандай медициналык тапшырмаларды так аткаруу менен оору басаңдап калды. Ошонун себебинен, кайра мурдагыдай тапшырмалар келип, аткарып жатабыз. 2021-жылдын июнь айында райондук масштабда өтө турган “Мекеним нур төгүлгөн Кыргызстан”  аттуу теле сынак болуп өттү. Теле сынакка бардык айыл аймактын таланттары катышып, жакшы ийгиликтерге жетише алышты.

Тогуз-Торо районунда уюштурулган“Мекеним нер төгүлгөн Кыргызстан”аттуу теле сынакта көрүнүш.

Азыркы учурда 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30жылдыгына карата райондук деңгээлде уюштурулган маданий-иш чараны өткөрүүгө даярдык көрүп жатабыз. Тогуз-Торо райондун маданиятын көтөрүүгө, күч- аракетибизди жумшоого даярбыз»,-дейт маданият бөлүмүнүн башчысы.

 

Анара Мааметова