"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Мугалимдер эмдөөдөн өтүштүбү?

30 Август 2021 жыл 20:31
Көрүүлөрдүн саны: 155

Тогуз-Торо районуна караштуу Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин директору Миргүл Какаеванын маалыматына караганда учурда мугалимдер коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү. Мектепте 24 кызматкер эмгектенсе, анын ичинен 14 мугалим эмдөө алса, 6мугалим ден-соолугуна байланыштуу жана кош бойлуу жана башка себептерден улам эмдөө алышкан жок.

Таштемир Сатыбалдиев атындагы орто мектебинин директору Миргүл Какаева

“Таштемир Сатыбалдиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалимдер жамааты ковидге каршы вакцина алып жатабыз.  Мугалимдер арасында эч кандай өзгөрүүлөр байкалган жок. Өзүңүздөрдү жана жакындарыңызды ковид илдетинен сактоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө чакырам”,- дейт мектеп директору.

Аталган мектептин тарбия иштери боюнча жетекчиси Татыгүл Арзыматова вакцина алууну өз чечими менен кабыл алгандыгын, айтып өттү:

Аталган мектептин тарбия иштери боюнча жетекчиси Татыгүл Арзыматова

“Ар кандай жалган маалыматтарга карабастан, өзүмдүн ден-соолугум үчүн май айында эмдөөдөн өттүм. Экинчисин июнь айында алдым. Эч кандай өзгөрүүлөр байкалган жок. Эч кандай оорум жок, ден-соолугум жакшы. Ошол себептен эмдөөдөн өткөндөн кийин абалым жакшы болду го деп ойлойм. Анткени, айрым мугалимдер эмдөөдөн өткөндөн кийин бир аз ооруулар байкалганын айтышты. Балким, мурда өнөкөт оорусу барлар үчүн оор болсо керек”,- дейт Т.Арзыматова.

Анара Мааметова