"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Элеттик жаштар пандемияда кандай таасирин тийгизди?

22 Сентябрь 2021 жыл 22:25
Көрүүлөрдүн саны: 162

Пандемия күч алганда айылдагы жаштар эмне алек болгонун Тогуз-Торо районунун айрым улан-кыздарынан сурап көргөнүбүздө айрымдары өзүн- өзү өнүктүрүү менен алектенсе, башкалары кайрымдуулук иштерине тартылышкан.

Пандемия учурунда, өзүмдү өнүктүргөнгө көбүрөк болуп жатты дейт Раиса Акылтай кызы:

Жамааттык медиа студиясында ырларын жаздыруу учуру

“Пандемия башталганда үйдө көп бош отуруп калдым. Көбүнчө убакытым интернетке, телефондорго короду. Өзүмдүн эле башында ыр окууга кызыгуум бар болчу. Ютубдан видеолорду көрүп отуруп, “дикция” деген нерселер бар экенин билип, тынбай видеолорду көрүп жатып, өзүмдүн талантымды бир аз болсо да өстүрдүм”.

“Раиса Акылтай кызы MediaSabak”лагерине катышууда»

““MediaSabak”лагерине конкурстук анкета толтуруп, лагерге барып, медиа сабаттуулугумду жогорулатып келдим. Көптөгөн семинарларга, тренингдерге катыштым. Жамааттык медиа радиосуна барып, окуган ырларымды жаздырып жаттым”.

Коронавирус илдетинен улам, дүйнөнү каптаган пандемия Кыргызстанда июль айларында курчуду. Дары-дармек менен медицина кызматкерлери тартыш болду. Ооруканалар вирусту жуктурган бейтаптарга жык толуп, жакындарын жаткырганга жай таппай калгандар көп болду. Бул учурда жаштардын жардамга кол сунган аракети өлкөнү оор абалдан сууруп чыгарууга түрткү болду.

«Жаштар тобу карантин учурунда айылга көп жардамдарды көрсөттүк. Атап айтсак, ооруну жайылтпоо максатында демилге көтөрүп, айыл элине бет таркатып, коопсуздук чараларын жүргүздүк. Мындан сырткары, Кара-Суу айылына кире беришинде жайгашкан блокпостто машиналардын кирип чыгуусунда инфекциянын алдын алуу үчүн дезинфекция иштерин жүргүзүп келдик.Кыскасы, айыл элин тазалыкка үндөп, кайрымдуулукка чакырып,бир топ иш чараларды өткөрүп келдик»,- дейт Баймырза Куттубек уулу.

Баймырза Куттубек уулу айыл тургундарына материалдык жардам берүүдө

Белгилей кетсек, Кара-Суу Жаштар Ынтымагы тарабынан Сары-Булуң айыл аймагына караштуу, Кара-Суу айылына кары картаң жана ишсиз үйдө отурган айылдаштарга жалпы жаштардын атынан материалдык жардам берип келишкен.
Мындан сырткары, Кара-Суу айылынын тургуну, Баймырза Куттубек уулу эмеректерди жасоочу кичи ишкананы иштетип келген.

«Пандемия учурунда жумуш токтоп калды. Анткени элдин көпчүлүгү жумушсуз калды. Элде акча болсо анан бизге заказ беришет да», -дейт Баймырза Куттубек уулу.

Анара Мааметова