"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Сары-Булуң айыл өкмөтүндө кышка даярдык кандай?

22 Сентябрь 2021 жыл 21:16
Көрүүлөрдүн саны: 131

Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнүн токтомуна ылайык 2021-2022 кышкы даярдыгы боюнча аталган айыл аймактын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Улан Далбаев маалымат берет.

Cары-Булуң айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Улан Далбаев

Билим берүү тармагынын Т.Сатыбалдиев орто мектебине көмүр 80, тонна керектелмек 1 бир тонна көмүрдүн баасын 4000 сомдон жалпы 321,2 миң сом акча каражаттын айылдык кеңештин сессиясынын токтомуна ылайык бюджетке сунушталган.

КР Ɵкмөтүнүн 3-апрель 2015-жылдагы №72 мыйзамына ылайык 25-июнь 2021-жылы №210625284934027 номери менен тендер жарыя кылынган. Тендердин жеңүүчүсү болуп “Гранд профи- Кейджи” жоопкерчилиги чектелген коому табылган. Аталган коому тарабынан 1 тонна көмүрдү 3900 сомдон жалпы 313170 (үч жүз он үч миң бир жүз жетимиш) сомго тартып келүүгө,келишими түзүлгөн. Мектептин котелу оң абалында кышкы сезонго жарайт.

Э.Касымалиев орто мектеби электр энергия пайдаланганга байланыштуу 703000 сом же 278023 кВт/саат бюджетке киргизилген. Ал эми балдар бакчаларына көмүр 12,3 тонна керектелмек 1 бир тонна көмүрдүн баасын 4000 сомдон жалпы 49,2 миң сом акча каражаттын айылдык кеңештин сессиясынын токтомуна ылайык бюджетке сунушталган. Бүгүнкү күнгө карата көмүр алууга карата 282,1 миң сом акча каражаты каржыланып берилип, октябрь айынын башына чейин тартылып келинмек.

 

Анара Мааметова