"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Тогуз-Торо: Ковид илдети былтыркы учурга караганда 2 эсе көп

28 Сентябрь 2021 жыл 22:28
Көрүүлөрдүн саны: 180

Ковид илдетине жалпы январь айынан бери 106 учур катталды. Ал эми акыркы бир ай ичинде 13 учур болду.Тогуз-Торо районунундагы санэпидкөзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Асем Садырова карантиндик чаралардын жоктугу, элибиздин кайдыгер мамилеси,чектөө болбогондуктан,  улам оорунун таралышы жана катталышы көбөйүп жатканын баса белгилейт.

Тогуз-Торо районунундагы санэпидкөзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Асем Садырова

“Ковиддин кийинки толкундарынан, жайылып кетишине бөгөт коюу үчүн, иммунитет пайда кылуу учун 70% калк эмделиш керек болууда. Бүгүнкү күнү медиктер 82%, билим берүү тармагында 73% кызматкерлер эмделип бүтүп калды. Ошол учурда калк арасында эмдөө солгундалып жатат. Башкача айтканда, район 26% эмделди. Бул көрсөткүч облус боюнча, арткы райондордон болуудабыз. Мунун бирден бир себеби, район элинин эмдөө каршы таратылып жаткан жалган маалыматтарга көбүрөөк ишенип, эмдөө боюнча түшүнгүсү келбей, туура кабыл албай жаткандыгы бизди өкүндүрөт”, -дейт Тогуз-Торо районунундагы санэпидкөзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Асем Садырова.

Калк арасында вакцина алуунун пайдасы туралуу тушундуруу иштери жакшы эле жүрүп жатат. Жер-жерлерде лекция окулуп, үймө- үй мед айымдар, айыл өкмөт кызматкерлери кыдырып жеке үйлөргө кирип жатат.

Сүрөттө: Тогуз-Торо райондук жалпы дарыгерлер борборунун жетекчиси Дурия Сансызбаева, аппарат жетекчи Табылды Салиманов, райондун аким Мирлан Карагулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев жалпы билим берүүчү мекемелеринин жана мектептен сырткары билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары менен бирдиктековид илдетине каршы эмдөө боюнча жолугушуулар өткөрүлүүдө

Мындан сырткары, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Мирлан Карагулов райондук билим берүү тармагындагы жалпы билим берүүчү мекемелеринин жана мектептен сырткары билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары менен ковид илдетине каршы эмдөө боюнча жолугушуулар өткөрүлдү.

Райондук билим берүү бөлүмү менен бирдикте ата-энелер арасында түшүндүрүү жүргүзүлүп жатат. Мектептер, бала бакчалар ачылды. Кызматкерлер эмделип иштеп жатса, ата-энелер эмдөөдөн өтпөй, балдарын берип коюшту. Азыр ата-энелер да туура түшүнүп, эмдөөдөн өтүшү керек. Эгерде бир баладан катталса, ошол мектеп же бала бакча онлайнга өткөзүлөт.

Анара Мааметова