"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Айыл өкмөттүн карамагындагы техникалар, элге кызмат көрсөттү

29 Сентябрь 2021 жыл 18:27
Көрүүлөрдүн саны: 183

Сары-Булуң айыл аймагына Тогуз-Торо өнүктүрүү фонду тарабынан,техникалар алынып келинген. Күзгү талаа иштери, оруп жыйноо иштери аяктаганга чейин айыл өкмөткө караштуу техникаларды эл пайдаланды.

Материалдын аудио версиясын бул жерден уга аласыз:

Бул туурасында Сары-Булуң айыл аймагынын жер адиси Артылбек Рысбеков билдирди:

Сары-Булуң айыл аймагынын жер адиси Артылбек Рысбеков

“Чөп таңгактоочу техника, бир соко кылып уюштурдук. Техникалардын баардыгы бир жерде болсо, элдер үчүн ыңгайлуу болот.Быйыл договор менен техникаларды бергенбиз. 1-октябрда тапкан акчаларын төгүп беришет”.

Айыл өкмөттүн карамагындагы техникалар

Сары-Булуң айылдык кеңештин 2-сессиясынын чечими менен өнүктүрүү фонд тарабынан алынган техникаларды чогултуу,элге кызмат кылууну жакшыртуу максатында техникалар чогултулган.Механик айыл өкмөтү, комитеттин мүчөлөрү менен бирдикте 3-тараптуу келишим түзүлүп, техникалар өткөрүлүп берилди дейт Сары-Булуң айылдык кеңештин төрайымы Венера Эпээва:

“Келишимде бир жылдагы трактордун ремонту, трактордун эмгек акысы бюджетке төгүлө турган суммасы так көрсөтүлгөн.Бюджетке төлөй турган нерселердин баарын тең жыйынтыктап туруп, 15-октябрда деп акыркы мөөнөттү көрсөткөнбүз.Келишимде 15-октябрда кудай буйруса техникадан тапкан 1жылдык эмгектерин эсептеп, тактап чыгабыз дагы анан бюджетке төгө турган төлөмдөрүн төгүшөт.Эгер жакшы жыйынтык бере турган болсо бул техникаларды толугу менен бир чогулталы деген максаттарыбыз бар».

Быйылкы жаңы шайланган өкмөттүн сунушу менен техникаларды убактылуу 1-октябрга чейин ижарага берип, келишимдин негизинде иштетип жатабыз.Күзгү талаа иштери аяктаганга чейин ушул аймакта гана иштейт.Өкмөттүн чечиминин негизинде баалар коюлган.Бул туурасында убактылуу техникаларды уюштуруу иштери боюнча башчысы Эрмекалы Мусамамбетов төмөнкүлөрдү билдирди:

“Биздин дыйкандардын дыйкан чарбага бөлүнгөндөн бери, кээ бир жерлери бузулуп, айдала элек жерлери жакшы чыкпай, суюк жерлерин чаппай пресстебей кетип калат экен.Бизде андай болбойт, өкмөттө келишимдин негизинде суюк болсо да чаап, 5пресс түшсө да пресстеп берет.Себеби менчиктери аны чаппай кетип калат экен.Өзгөчөлүгү ушул, быйыл болсо өкмөт, төрага, бул башчы, бул жетекчи дебей катарынан чаап, иштеп беришти балдар”.

Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Анара Мааметова