Тогуз-Торо районуна караштуу Атай айыл аймагында үлүштүк дем берүүчү грант аркылуу айыл өкмөтүнүн имараты капиталдык ремонттон өткөрүлүп,жолдор оңдолуп, аймакка караштуу орто мектептин китепканасы жана ашканасынын пайдубалы курулууда.Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусуна долбоор сунушталып жактырылган.Бул туралуу Атай айыл аймагынын инвестиция тартуу боюнча башкы адиси Анаркүл Замирбек кызы маалымат берди.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды.Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Анара Мааметова