"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Түшүмдү оруп-жыюу 15-октябрда аяктайт

29 Сентябрь 2021 жыл 11:24
Көрүүлөрдүн саны: 197

Сары-Булуң аймагында күзгү талаа иштери жыйынтыктала элек. Учурда айылдын тургундары күзгү оруп-жыйу менен алек. Жалпысынан 1839 гектар жер айдалган

Кара-Суу айылынын тургуну Мурат Касымов жыл сайын талаага жүгөрү эгет.

Мурат Касымов жүгөрү жыйнап жаткан кези

“Баалардын кымбатташы, дыйкандарга аябай таасирин тийгизди. Солярканы кымбат алдык, айдап-себүүгө, техникалардын кызматтарыын баасы жогору болуп, чыгымы көбүрөөк болуп калды. Түшүмдүүлүгү жакшы болду. 2жарым тоннадан ашык жүгөрү алдым”.

Ал эми дыйкан Сүйүнбек Арзыкулов жашылчалар өз убагында бышпай жатканына кабатыр.

“Быйылкы жылы жазында аба-ырайы кескин өзгөрүлүп, апрель айында кар жаап салып, жашылчаларды кечирээк айдап калдык. Жашылчаларым азыр бышпай жатат. Ал эми картошканын уругу өзүмдөн болгондуктан, сатып алганга караганда арзан түштү. Картошканын түшүмдүүлүгү жакшы болуп жатат. 1-2 күндүн ичинде картошканы үй-бүлөбүз жыйнап алабыз”.

 

Сүйүнбек Арзыкулов үй-бүлөсү менен картошка казып жаткан учуру

Сары-Булуң айыл аймагынын статистика боюнча жетектөөчү адиси Айнагүл Султаналиева айтымында талаада сафлордон башка дан-эгиндер жыйналып жатат.Күзгү талаа иштери 15-октябрда жыйынтыкталат.
“Дан эгиндердин түшүмдүүлүгү былтыркыга салыштырмалуу кыйла төмөнүрөөк.Картошка, жүгөрү былтыркыга караганда жогору болду.Азыркы учурда тургундар, кышкы тоюттарын камдап алышты”.

 

Анара Мааметова