"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Купка куруу иштери бүткөрүлүп жатат

12 Октябрь 2021 жыл 15:28
Көрүүлөрдүн саны: 190

Атай айыл өкмөтүндө мал жандыктар үчүн купка куруу иши башталды. Айыл өкмөт тарабынан колдоого алынды. Атай айылдык кеңештин депутаты Жылдызбек Доктурбек уулунун демөөрчүлүгү менен курулуш иштери жүргүзүлдү. Жергиликтүү тургундар алыскы коңшу айылдарга барбай, жакын жерден мал жандыгын  жуунтушат.Малдын жугуштуу ооруларын алдын алынат.

Купка куруу иштеринин көрүнүшү

Койлордон үзүлбөй келе жаткан котур жана башка көптөгөн ылаңдар. Айрым  тургундар койлорго ар кандай уколдорду сайып келишет.Бирок бул тийиштүү өз натыйжасын бербегендиктен, мал жандыгын дарылоочу үчүн күпкө куруу иши зарыл болуп келген.

Буга чейин Атай айыл аймагында купка болгон эмес.Башка коңшу турган Арал аймагына барып,кезекке туруп, койлорду жуунтуп келчибиз.Бул туралуу Атай айылдык кеңештин депутаты Жылдызбек Доктурбек уулу билдирди:

Сүрөттө: Ондон солго Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиянын төрайымы Света Моңолова, Атай айылдык кеңештин депутаты Жылдызбек Доктурбек уулу

«Купка куруу үчүн жерди айыл өкмөт тарабынан чечилип, долбоордун алкагында айыл тургундары тургундары жумушка тартылды.Курулушка кеткен материалын өз каражатыман эсебинен, көтөрдүм.Буюрса жакынкы күндөрү ишке берилип, айыл тургундарына пайдаланууга берилет.Жергиликтүү тургундар, фермерлер, коңшу айылдарга барбай, жакын жерден малдарын жуунтушат.Малды сатып, киреше таап, өз жашоо шарттарын жакшыртып алууга шарт түзүлөт»; -дейт Жылдызбек Доктурбек уулу.

Атай жана Карл Маркс айылдары 2365 калк жашайт.Айыл элинин басымдуу бөлүгү мал чарбачылык жана жер иштетүү менен алек.Туруктуу жумуш оруну жетишсиздигинен улам айылдын эли жаштар мал өстүрүп, жер иштетүү менен эмгектенишет.Жылдан жылга малдын саны кескин жогорулоосу менен жугуштуу оорулары да көбөйүүдө, оорунун алдын алуу негизги маселелердин бири болуп келген.Бул маселени чечүү максатында айылдагы жумушсуз жарандарды ишке тартуу менен күпкө куруу иштери жүрүп жатат. Бул туралуу Атай айыл аймагынын инвестиция тартуу боюнча башкы адиси Анаркүл Замирбек кызы маалымат берди.

Купка куруу иштерине айыл тургундары ишке тартылып жатат


“Тогуз-Торо райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы, Атай айыл аймагы менен биргеликте купка куруу иштерине, аз камсыз үй-бүлөлөр жумушка тартылды.Аталган долбоордун көмөгү менен иштеген айыл тургундардын эмгек акысы азык-түлүк түрүндө төлөнүп берилет.Аталган долбоордун алкагында Атай айылдык кеңештин депутаты Жылдызбек Доктурбек уулунун өзүнүн үй-бүлөлүк жеке бюджетинин эсебинен купка курулушуна кеткен керектелүүчү материалдарды камсыздап берди”.


Эскерте кетсек, салынган күпкө айыл өкмөтүнүн карамагында болот. Жыл сайын сапатына көнүл бурулуп, ремонттон өткөрүлүп турат.Түшкөн пайызынын 10% акча каражатын айыл өкмөтүнө которуу аркылуу төгүп турат.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды.Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Анара Мааметова