"Тогуз-Торо ФМ" жамааттык радиосу

Тогуз- Торо району, Кара- Суу айыл аймагы

Эң көп өткөрүлгөн аш-тойлордун кесепети оорунун жайылышына себеп

21 Октябрь 2021 жыл 15:42
Көрүүлөрдүн саны: 160

Күзүндө болуп жаткан аш-тойлор, адамдардын саламаттыгына таасир этпей койбойт. Анткени, Тогуз-Торо районунда covid-19 оорусу боюнча 2021-жылдын 9 айына 104 оору катталып, салыштырмалуу 50% өсүш берди. Ар бир жаран тобокелчиликке барбай, эрежерлерди сактаса, оорунун алдын алынмак дейт медайымдар.

Тогуз-Торо районундагы санэпидкөзөмөлдөө борборунун врач-эпидемиолог Анара Атыканова

Тогуз-Торо районундагы санэпидкөзөмөлдөө борборунун врач-эпидемиолог Анара Атыканова:

«Тогуз-Торо районунда covid-19 оорусу боюнча абал туруктуу, акыркы 1 айдан бери оору каттала элек. 2020-жылы 9 айда 56 оору катталса, 2021-жылдын 9 айына 104 оору катталып салыштырмалуу 50% өсүш бергени белгиленет. Бүгүнкү күндө оорунун алдын алуу боюнча эрежелерди сактоо күчүндө эле турат.

Оорунун алдын алуу максатында районго 8200 доза Кытай мамлекетинин Синофарм вакцинасы менен камсыз болгонбуз. Бүгүнкү күнгө калктын эмдөөсүнүн көрсөткүчү 41,5 түзүүдө, ал эми талап боюнча коллективдик иммунитет пайда болуусу учун 70% адам эмдөөдөн өтүүсү шарт».

Ал эми той аштардын көп болуусу, ковид оорусунун күч алышына себеп боло алабы деген суроо менен Табылгыты айылындагы медайым Нурзат Арзиевага кайрылдык:

Табылгыты айылындагы медайым Нурзат Арзиева

“Негизи аш тойлорго азырак эле барсак жакшы болмок, эми канга сиңип калды деп эле токтотпой атабыз, оору азаймак аш тойдор азайса. Негизи күзүндө балдарга жакшы көнүл бурулса аябай жакшы болот, анткени бышыкчылык маалда балдардын ден соолугу чың болот, витаминдер көп маал жазга караганда. Аш тойлорго чакырса калбай, балдары каралбай калса ушул жаштагы балдардан көп ич өткөк, сарык, кызамык оорулар көп кездешет”,-дейт медайым.

Тогуз-Торо: Учурда балдардын ден соолугу кандай? 

Анара Мааметова